Загрузка документа…
XXIX чакырылышы
Кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-декабры №12
“Шаардык мэриянын 17.11.2021-жылдагы, 24.11.2021-жылдагы жана 26.11.2021-жылдагы “Шаардын аймагындагы асылдуулугу төмөн жана калк турак жай куруп алган жерлерин которуу (трансформациялоо) тууралуу” 01-14/1678, 01-14/1718 жана №01-14/1739 кайрылуу каттары жөнүндө”
Шаардык мэриянын 17.11.2021-жылдагы, 24.11.2021-жылдагы жана 26.11.2021-жылдагы “Шаардын аймагындагы асылдуулугу төмөн жана калк турак жай куруп алган жерлерин которуу (трансформациялоо) тууралуу” 01-14/1678, 01-14/1718 жана №01-14/1739 кайрылуу каттары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Р.Ормоновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 30 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 17.11.2021-жылдагы, 24.11.2021-жылдагы жана 26.11.2021-жылдагы “Шаардын аймагындагы асылдуулугу төмөн жана калк турак жай куруп алган жерлерин которуу (трансформациялоо) тууралуу” 01-14/1678, 01-14/1718 жана №01-14/1739 кайрылуу каттары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Р.Ормоновдун маалыматы эске алынсын.
2. “Шаардын аймагындагы асылдуулугу төмөн жана калк турак жай куруп алган жерлерин которуу (трансформациялоо) тууралуу” маселе толук такталбагандыгына байланыштуу кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Жогорудагы маселени жеринде карап, тактап чыгуу үчүн шаардык Кенештин алдында депутаттык комиссиясы түзүлсүн.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар
Кенешинин төрагасы: С.Кудайбердиев