Загрузка документа…
XXIX чакырылышы
Кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-декабры №13
“Шаардык мэриянын 30.11.2021-жылдагы “Шаар ичиндеги маршруттук каттамдардын жол кире акыларын көтөрүп берүү тууралуу” №01-14/1760 кайрылуу каты жөнүндө”.
Шаардык мэриянын 30.11.2021-жылдагы “Шаар ичиндеги маршруттук каттамдардын жол кире акыларын көтөрүп берүү тууралуу” №01-14/1760 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Р.Ормоновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 30 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 30.11.2021-жылдагы “Шаардын аймагындагы маршруттук каттамдардын жол кире акыларын көтөрүп берүү тууралуу” №01-14/1760 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Р.Ормоновдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 12-пунктуна жана “Транспорт жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Таш-Көмүр шаарынын аймагында маршруттук каттамдарынын жол кире акысы төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин.
-Шаардагы жалпы мектеп окуучуларына – 8 (сегиз) сом;
-Башка жүргүнчүлөргө – 15 (он беш) сом.
3. Бул токтом 2021-жылдын 1-декабрынан колдонууга киргизилсин
4. Таш-Көмүр шаарынын аймагында маршруттук каттамдарынын жол кире акысы жогорулагандыгы жөнүндө калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы шаардык мэрияга жана “Аргымак” ААКуна (М.Оконбаев) милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
6. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар
Кенешинин төрагасы: С.Кудайбердиев