Загрузка документа…
XXIX чакырылышы
Кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-декабры №14
«Таш-Көмүр шаарынын жарандарына “Шаардын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө»
“Таш-Көмүр шаарынын жарандарына “Шаардын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тууралуу” келип түшкөн сунуш каттары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Р.Ормоновдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 30– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таш-Көмүр шаарынын жарандарына “Шаардын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тууралуу” келип түшкөн сунуш каттары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Р.Ормоновдун маалыматы эске алынсын.
2. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, Таш-Көмүр шаарынын социалдык – экономикалык жана маданий жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн төмөндөгү жаранга Таш-Көмүр шаарынын «Ардактуу Атуулу» наамы ыйгарылсын жана «Шаардын Ардак Китебине» жазуу жүргүзүлсүн:
-Орозбаев Эрк Нарынбекович - Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX чакырылышынын депутаты, “Кыргыз Жаш Күч” КБинин төрагасы, Таш-Көмүр шаарынын “Кол күрөш” боюнча федерациясынын президенти, Таш-Көмүр шаарынын “Футбол” боюнча
федерациясынын президенти;
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар
Кенешинин төрагасы: С.Кудайбердиев