Загрузка документа…
XXIX чакырылышы
Кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-декабры №15
«Шаардын жана шаарчалардын аймагындагы айрым көчөлөргө жана скверлерге ысымдарды коюу тууралуу кайрылуу каттары жөнүндө»
Шаардын жана шаарчалардын аймагындагы айрым көчөлөргө жана скверлерге ысымдарды коюу тууралуу кайрылуу каттары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Р.Ормоновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 30 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын жана шаарчалардын аймагындагы айрым көчөлөргө жана скверлерге ысымдарды коюу тууралуу кайрылуу каттары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Р.Ормоновдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Маркум Молдодосов Октомдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, Таш-Көмүр шаарындагы «Курулуш» кичи районунда жайгашкан скверге «Молдодосов Октомдун» ысмы ыйгарылсын.
3. «Курулуш» кичи районунда №7 К.Кузембаев атындагы орто мектебинин жанында жайгашкан жаны көчөнүн аты «Ынтымак» көчөсү деп аталсын.
4. Жаңы ысым ыйгарылган көчөлөргө жана сверлерге жазуу белгилерин даярдап илүү жагы шаардык муниципалдык менчик департаментине милдеттендирилсин.
5. Мындан ары ушул токтомго ылайык ар кандай нормативдик актыларды жана башка каттоо иштерин жүргүзүү шаардык муниципалдык менчик департамертине (У.Керимкулов), “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Таш-Көмүр шаардык филиалына (Э.Ашыров), Таш-Көмүр шаардык ЖААККПжКБнө (А.Нусупов), Таш-Көмүр шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына (Т.Козукеев), мамлекеттик нотариалдык конторага (Г.Юлдашева), социалдык фондко (М.Жанабулов), «Кыргыз почтасы» ишканасына (К.Кыдыралиев) милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
7. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзадуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар
Кенешинин төрагасы: С.Кудайбердиев