Загрузка документа…
XXIX чакырылышы
Кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-декабры №16
“Шаардык мэриянын 16.11.2021-жылдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө Типтүү Жобону бекитип берүү тууралуу” №01-14/1667 кайрылуу каты жөнүндө”
Шаардык мэриянын 16.11.2021-жылдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө Типтүү Жобону бекитип берүү тууралуу” №01-14/1667 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Р.Ормоновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 30 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 16.11.2021-жылдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө Типтүү Жобону бекитип берүү тууралуу” №01-14/1667 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Р.Ормоновдун маалыматы эске алынсын.
2. Эл аралык International Alert уюму, Өнүктүрүү Саясат Институту, Улуттук Медиация Борбору менен биргеликте Европалык Биримдик каржылаган “Ынтымактуу Жашоо” долбоорун Таш-Көмүр шаарында ишке ашыруу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” Типтүү Жобосу бекитилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар
Кенешинин төрагасы: С.Кудайбердиев