Загрузка документа…
XXIX чакырылышы
Кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-декабры №17
«Шаардык салык кызматынын 23.11.2021-жылдагы «Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгууга жыйымдын тарифин бекитип берүү тууралуу» № 01-3/04-6/1721 кайрылуу каты жөнүндө».
Шаардык салык кызматынын 23.11.2021-жылдагы «Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгууга жыйымдын тарифин бекитип берүү тууралуу» № 01-3/04-6/1721 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Р.Ормоновдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 30– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык салык кызматынын 23.11.2021-жылдагы «Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгууга жыйымдын тарифин бекитип берүү тууралуу» № 01-3/04-6/1721 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Р.Ормоновдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинини 74- беренесине ылайык, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы 2022-жыл үчүн бир жашоочуга же курулуштун бир чарчы метр аянтына бир эсептик көрсөткүчтөн көп эмес 1 жылга х 100 сом 00 тыйын өлчөмүндө белгиленсин.
3. Токтомду аткаруу жана массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы шаардык салык кызматына (С.Исраилов) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар
Кенешинин төрагасы: С.Кудайбердиев