Загрузка документа…
VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-декабры №29
“Үч-Терек айылындагы жаңы конуштарга, Үч-Терек, Саргата, Кызыл –Ураан, Жетиген жана Такталык айылдарына таштанды төгүүчү жайга жер аянттарын бекитип берүү жөнүндө»
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңештин кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылындагы жаңы конуштарга, Үч-Терек, Саргата, Кызыл –Ураан, Жетиген жана Такталык айылдарына таштанды төгүүчү жайга жер аянтын карап берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Үч-Терек айылындагы жаңы конуштарга, Үч-Терек айылына, Саргата, Кызыл –Ураан, Жетиген жана Такталык айылдарына таштанды төгүү үчүн, ар бир айылга 1,50 гектардан жалпы 7,5 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Таштанды төгүүчү жайларга жер участокторун чектеп берүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевке милдеттендирилсин.
4. Таштанды төгүүчү жайлар үчүн чектеп берилген жер участокторуна АПУ, ИТУ документацияларын даярдоого акча каражатын карап берүү жагы ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Койчубаевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: А. Дөөлөткелдиев