Загрузка документа…
VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-декабры №30
“Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан 2022-жылы аткарыла турган иштер боюнча ”Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы” мамлекеттик мекемесине сунуш берүү жана Байкоочу кеңештин өкүлү Н.Султанкулованын 2021-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы”
Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы ” мамлекеттик мекемесинин Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча Байкоочу кеңештин өкүлү Н.Султанкулованын 2021-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча маалыматын жана Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан 2022-жылы аткарыла турган иштер боюнча айыл өкмөт башчысынын орун басары К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы ” мамлекеттик мекемесинин Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча Байкоочу кеңештин өкүлү Н.Султанкулованын 2021-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Үч-Терек айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүүгүсүнө, анын ичинде ирригациялык тармакка, социалдык объектилердин курулуштарына 2022-жылда Атайын фонддун каражаттарынан бөлүнүүчү акча каражаттарынын туура бөлүштүрүлүшүн камсыз кылуу жагы Н.Султанкуловага тапшырылсын.
3. ”Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы ” мамлекеттик мекемесине, Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан 2022-жылга аткарыла турган иштер боюнча сунуштар бекитилсин (тиркеме тиркелет).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: А. Дөөлөткелдиев