Загрузка документа…
(XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-декабры №58
“Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ХIII бөлүмүнүн 327-беренеси боюнча Кр-региондук, Ко-тармактык, Кз-зоналык коэффициентинин өлчөмдөрү тууралуу”
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ХIII бөлүмүнүн 327-беренесинин негизинде Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында Кр-региондук, Ко-тармактык, Кз-зоналык коэффициентинин өлчөмүн бекитүү боюнча, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
i. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ХIII бөлүмүнүн 327-беренесине ылайык Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында Кр-региондук, Ко-тармактык, Кз-зоналык коэффициенти төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин:
1. Кр - региондук коэффициенти = 0,1 өлчөмүндө,
2. Ко - тармактык (функциялык) коэффициенти төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин:
- Мейманканалар, ломбарддар, алмаштыруу пункттары - 1,6 өлчөмүндө,
- Май куюучу станциялар - 1,6 өлчөмүндө,
- Чакан базарлар, базарлар, соода - рыноктук борборлор, комплекстер - 1,0
- Коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү ишканалар - 0,8
- Темир жол вокзалдары жана автовокзалдар, автостанциялар, темир жол транспортунун жүк станциялары - 0,7 өлчөмүндө,
- Администрациялык, офистик имараттар, бизнес-борборлор, банктар - 0,6
- Транспорт ишканасы, автосервис, байланыш жана энергетика ишканалары - 0,5
- Коргонуу - спорт - техникалык уюмдар - 0,3 өлчөмүндө,
- Айыл чарбалык өндүрүштүк имараттар - 0,3 өлчөмүндө,
- Санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү - 0,8 өлчөмүндө,
- Өнөр жай, курулуш ишканалары - 0,2 өлчөмүндө белгиленсин.
3. Зоналык Кз - коэффициенти - 1,2 өлчөмдө белгиленсин.
4. Каргалык айыл аймагында юридикалык жактарга мүлк салыгына эсеп жүргүзүү Тогуз-Торо райондук мамлекеттик салык мекемесине тапшырылсын.
5. Бул токтом 2022-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: Т.И.Токтоболотов