Загрузка документа…
(XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-декабры №59
“Кыргыз Республикасынын Салык эмес кирешелер жөнүндө кодекси” Мыйзамынын 24-главасынын 73-76-беренелеринин негизинде таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө"
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. “Кыргыз Республикасынын Салык эмес кирешелер жөнүндө кодекси” Мыйзамынын 24-главасынын 73-76-беренелеринин негизинде Каргалык айыл аймагындагы таштанды чыгаруу үчүн жыйым төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин;
- бир жеке жашоочуга айына - 20 сом, үй ичинен кык, топурак, күл ж.б. таштанды чыгаруу үчүн бир чарчы метр аянтына - 100 сом,
- мекеме-ишканада иштегендерге киши башына - 100 сом,
- курулуш ээлерине бир чарчы метр аянтына - 100 сом,
- жеке ишкерлерге киши башына айына - 100 сом,
2. Каргалык айыл аймагында ишмердик жүргүзүп жаткан юридикалык жактарга таштанды чыгаруу үчүн жыйымдарга эсеп жүргүзүү Тогуз-Торо райондук мамлекеттик салык мекемесине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб- сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишмердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: Т.И.Токтоболотов