Загрузка документа…
(XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-декабры №60
“Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01-январь 2018-жылдан 31-декабрь 2019-жылга чейинки мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин Жазма Буйругу боюнча”
Каргалык айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Дүйшөбаев Нурландын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01-январь 2018-жылдан 31-декабрь 2019-жылга чейинки мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин Жазма Буйругунун негизинде Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан кетирилген кемчиликтери белгиленсин.
2. Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01-январь 2018-жылдан 31-декабрь 2019-жылга чейинки мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында көрсөтүлгөн сунуштар толук аткарууга алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб- сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишмердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: Т.И.Токтоболотов