Загрузка документа…
(XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-декабры №61
«Тогуз-Торо районунун «Ардактуу атуулу» номинациясына сунуштоо жөнүндө»
Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы Мамырова Каныш Мөкүшовнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл чарба экономикасына жана суу чарбасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын тургуну, Кыргыз Республикасынын суу чарба департаментинин “Ардак Грамотасы”, Кыргыз Республикасынын суу чарба жана мелиорация департаментинин “Суу чарбасынын отличниги”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын “Ардак Грамотасы”, Жалал-Абад бассейндик суу чарба департаментинин “Ардак Грамотасы”, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын “2007-жылдын уюштургуч жетекчиси” жана “2013-жылдын мыкты жетекчиси” номинацияларынын ээси, учурда Тогуз-Торо райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы болуп иштеп жаткан Райымкулов Азамат Турсунбекович Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.
2. Бул сунушту колдоп берүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: Т.И.Токтоболотов