Загрузка документа…
(XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-декабры №62
“2022-жылга карата Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы туруктуу комиссияларынын иш планын бекитүү жөнүндө”
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын 2022-жылга карата түзүлгөн иш планы боюнча туруктуу комиссиялардын төрагаларынын маалыматтарын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын 2022-жылга карата түзүлгөн иш пландары бекитилсин.
2. Каргалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына айылдык кеңештин Регламентиндеги 1-бөлүмдүн 10-12ге чейинки жана 14-15-главаларда көрсөтүлгөндөр боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Каргалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына иш планында коюлган маселелерди отурумга, сессияга алып чыгууда Каргалык айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери, мектептин директорлору, мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорлору жана тиешелүү мекеме - ишканалардын жетекчилери менен биргеликте даярдап алып чыгуу жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Тагайбековага тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: Т.И.Токтоболотов
Бекитем
Каргалык айылдык Кенешинин
төрагасы_____________ Т.И.Токтоболотов
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVIII
чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын
№ 62 токтомуна тиркеме
«30» декабрь, 2021жыл
Каргалык айылдык кеңешинин “Өнөр-жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2022-жылга карата иш планы.
№ п/п | Сессия же комиссиянын отуруму | Өтө турган күн | Каралуучу маселелер | Аткаруучу жооптуу адам |
1 | Айылдык кеңештин сессиясына
=//=
=//=
| 1-квартал
| 1.«Кыргызалтын» ААКсы менен «Мансон Групп» ЖЧКанын 27.09.2019-жылдагы келишимин жана «Макмал Голд Компани» ЖЧКанын 04.09.2019-жылдагы келишимдерин жана соц.пакетинин №1 калдык сактоочу жайынын убактылуу рекультивация боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалыматын угуу.
2.Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин бекитүү жөнүндө.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза суу” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин бекитүү жөнүндө.
| «Макмал Голд Компани» ЖЧКанын директору жана тиешелүү адистер
Айыл өкмөт башчысынын орун басары, «Таза кызмат» МИнин жетекчиси
Айыл өкмөт башчысынын орун басары, «Таза суу» МИнин жетекчиси
|
2 | Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отуруму | 2-квартал | 1.Жерди пайдалануучуларды кароо, сугат жана кайрак жерлерди инвентаризациялоо боюнча айыл өкмөтүнүн жер адисинин маалыматын угуу. Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы шагыл, топурак алынган жерлер боюнча рекультивация кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн жер адисинин маалыматын угуу. 2.ДЭУ-18 мекемесинин жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалыматын угуу, Казарман, Чет-Булак автоунаа жүрүүчү жолду Мин транс баланска алуу боюнча маселесин кароо. | Айыл өкмөт башчысы, жер адиси
Айыл өкмөт башчысы, ДЭУ-18 мекемесинин жетекчиси |
3 | Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын отуруму
| 3-квартал | УОС мекемесинин Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу каналдарынын курулуш иштери боюнча маалыматын угуу жана кароо. | Айыл өкмөт башчысы, УОС мекемесинин жетекчиси
|
4 | Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын отуруму
сессияга
| 4-квартал . | 1.Каргалык айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдын курулуш иштерин жүргүзүү боюнча маалыматын угуу жана кароо.
2.Туруктуу комиссиянын 2023-жылга карата иш планын бекитүү. | Айыл өкмөт башчысы.
Айыл өкмөт башчысы, туруктуу комиссия
|
Каргалык айылдык кеңешинин
“Өнөр-жай, курулуш, транспорт,
байланыш, экология, архитектура
маселелери боюнча”
туруктуу комиссиясынын
төрагасы: М.Жээналиев.
Бекитем
Каргалык айылдык Кенешинин
төрагасы_____________ Т.И.Токтоболотов
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVIII
чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын
№ 62 токтомуна тиркеме
«30» декабрь, 2021жыл
Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылга карата
иш планы.
№ п/п | Сессия же комиссиянын отуруму | Өтө турган күн | Каралуучу маселелер | Аткаруучу жооптуу адам |
1 |
Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отуруму
| 1-квартал
| Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көрсөтүлгөн иш- чаралар жана ага сарпталган акча каражаттар боюнча АӨнүн соц.жактан коргоо адисинин маалыматын угуу. | Каргалык АӨнүн соц.коргоо боюнча адиси.
|
2 | Айылдык кеңешинин сессиясы
| 2-квартал май айы | Айылдык кеңештин депутаттары өз округундагы шайлоочуларына отчету менен чыгуу. | Өкмөт башчысы жана кеңештин депутаттары
|
3 | Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отуруму
| 3-квартал
| Муниципалдык объектилердин кзгү, кышкы мезгилге эшик - терезелеринин, жылытуучу системаларынын даярдыгын жеринен көрүү боюнча. | Туруктуу комиссиянын төрайымы, мучолору |
4 |
Айылдык кеңешинин сессиясы
| 4-квартал
| 1.Айылдык кеңештин депутаттарынын, АӨнүн адистеринин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айылдык аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандардын ишине баа берип, жылдын аягында аларды сыйлоо жөнүндө. 2.Туруктуу комиссиянын 2023-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө. | Туруктуу комиссиянын төрайымы. |
|
|
|
|
|
Каргалык айылдык кеңешинин
“Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика,
мандат, регламент, маданият жана
социалдык маселелер боюнча”
туруктуу комиссиясынын
төрайымы: К.М.Мамырова
Бекитем
Каргалык айылдык Кенешинин
төрагасы_____________ Т.И.Токтоболотов
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVIII
чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын
№ 62 токтомуна тиркеме
«30» декабрь, 2021жыл
Каргалык айылдык кеңешинин « Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча » туруктуу комиссиясынын 2022-жылга карата иш планы.
№ п/п | Сессия же комиссиянын отуруму | Өтө турган күн | Каралуучу маселелер | Аткаруучу жооптуу адам |
1 |
Айылдык кеңешинин сессиясы
| 1-квартал
| 1.2021-жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу ФЭБдин жана айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету.
| ФЭБ, Айыл өкмөт башчысы, тиешелүү адистер.
|
2 | Туруктуу комиссиясынын отуруму. Айылдык кеңешинин сессиясы
| 2-квартал
| 1.Мамлекеттик сатып-алуу боюнча аткарылып жаткан жумуштар боюнча маалымат алуу. 2. 2022-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасын кароо жана бекитүү | ФЭБ, Айыл өкмөт башчысы, тиешелүү адистер.
|
3 | Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отуруму
| 2-3 квартал
| 1.Кошумча киреше (жерге аренда, патент, сатуудан ж.б) тушуруу айыл окмоттун салык, жер адистеринин маалыматын кароо. 2.Өзгөчө кырдаалдар учун жергиликтуу бюджетке каражатты караштыруу жана кошуу (окмоттун сунушу менен) | Айыл өкмөт башчысынын орун басары, тиешелүү адистер. |
4
| Айылдык кеңешинин сессиясы
Айылдык кеңешинин сессиясы Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отуруму
| 3-квартал
| 1.2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджеттин аткарылышы, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча ФЭБдин жана айыл өкмөт башчысынын отчету. 2. 2023-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын негизинде түзүү.
| Айыл өкмөт башчысы, ФЭБ
Айыл өкмөт башчысы, ФЭБ |
5 | Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отуруму
| 4-квартал | Бюджеттик киреше болугунун 9 айлык аткарылышынын отчету | Айыл өкмөт башчысынын орун басары, ФЭБ |
6 | Айылдык кеңешинин сессиясы Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отуруму
|
| 1.2023-жылга карата Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун комитетте кароо, коомдук угууга чыгаруу жана сессияга чыгарып бекитүү. 2.Туруктуу комиссиянын 2023-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө.
| Айыл өкмөт башчысы, ФЭБ
|
Каргалык айылдык кеңешинин
“Бюджет, экономика, инвестиция,
муниципалдык менчик, ишкердик иш
жана тышкы экономикалык байланыш
боюнча” туруктуу комиссиясынын
төрагасы: Н.Дүйшөбаев.
Бекитем
Каргалык айылдык Кенешинин
төрагасы_____________ Т.И.Токтоболотов
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVIII
чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын
№ 62 токтомуна тиркеме
«30» декабрь, 2021жыл
Каргалык айылдык кеңешинин « Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча » туруктуу комиссиясынын 2022-жылга карата
иш планы
№ п/п | Сессия же комиссиянын отуруму | Өтө турган күн | Каралуучу маселелер | Аткаруучу жооптуу адам |
1 | Айылдык кеңешинин сессиясы
=//=
Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отуруму
| 1-квартал
| 1. Каргалык айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин 2022-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин, келишимин бекитүү жөнүндө. 2. Каргалык айыл өкмөтүнүн “МТС” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин бекитүү жөнүндө. 3. Каргалык айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин 2021-жылга карата иш планынын аткарылышы боюнча отчетун угуу. | Жайыт комитетинин төрагасы, “МТС”тин жетекчиси
Жайыт комитетинин төрагасы |
2 | Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отуруму
| 1-квартал
| Каргалык айыл өкмөтүнүн “МТС” муниципалдык ишканасынын жазгы талаачылык иштерине даярдыгы боюнча маалыматын угуу. | Өкмөт башчысынын орун басары, МТСтин жетекчиси |
3 | Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отуруму
| 2-квартал
| Дене тарбиясын жана массалык спортту онуктуруу учун шарттарды камсыз кылуу боюнча айыл окмоттун маалыматын угуу. | Айыл окмот |
4 | Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отуруму
| 3-квартал
| Каргалык айыл окмотунун алдындагы Карыялар кенешинин жана аялдар кенешинин жургузуп жаткан иштери тууралуу маалыматын угуу. | Карыялар жана аялдар кенешинин төрагалары |
5 | Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отуруму
= // =
Айылдык кеңешинин сессиясы
| 3-квартал
| 1.Жайыт пайдалануучуларга 2022-жылга эсептелген жана эски жылдан онбой калган жайыт акыларын ондуруу боюнча иштерин кароо
2.Жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилген жер участокторунун ижара акысын ондуруу боюнча иштерин кароо
3. “МТС” муниципалдык ишканасынын алты айда аткарган иштери, күзгү оруп-жыюуга карата айыл чарба техникаларынын даярдыгы тууралуу жетекчисинин маалыматын угуу
| Жайыт комитетинин торагасы
Айыл окмоттун жер адиси
МТСтин жетекчиси |
6 | Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отуруму
| 3-квартал | Аары челектердин иштетилиши боюнча айыл окмоттун маалыматын угуу | Айыл өкмөттүн орун басары |
7 | Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отуруму
| 3-квартал | Казарман, Чет-Булак айылдарындагы жаштар комитеттеринин жургузуп жаткан иштери тууралуу | Жаштар комитеттеринин торагалары |
8 | Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отуруму
| 3-квартал | Айыл чарба багытындагы пайдаланылбай жаткан жерлер боюнча айыл окмотунун жер адисинин маалыматын угуу | Айыл окмотунун жер адиси |
9 | Айылдык кеңешинин сессиясы
| 4-квартал | Туруктуу комиссиянын 2023- жылга карата иш планын бекитуу | Туруктуу комиссия |
Каргалык айылдык кеңешинин
“Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча
башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо
каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук
уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын
төрагасы: Баатырбек уулу Аскар