Загрузка документа…
(XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-декабры №63
“2022-жылга карата Каргалык айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө”
Каргалык айылдык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш планы боюнча Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Т.Токтоболотовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каргалык айылдык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Каргалык айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиялардын төрагаларына жана мүчөлөрүнө айылдык кеңештин Регламентиндеги туруктуу комиссиялардын ыйгарым укуктары жөнүндөгү бөлүмдө көрсөтүлгөндөр боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин иш планында коюлган маселелерди даярдап, сессияга алып чыгуу жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына, Каргалык айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине, мектептин директорлоруна, мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорлоруна жана тиешелүү мекеме - ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Тагайбековага тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: Т.И.Токтоболотов
Бекитем
Каргалык айылдык кеңешинин
төрагасы________________Т.И.Токтоболотов
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын № 63-токтомуна № 1 тиркеме 30.12.2021-ж.
2022-жылга карата Каргалык айылдык кеңешинин иш планы
№ | Туруктуу комиссиянын отуруму, сессия | ТК отуруму, сессия |
Каралуучу маселелер | Айыл өкмөтү нөн аткаруу чу жооптуу адам | Аталган маселе боюнча жооптуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы |
Натыйжа | Жарандар дын ЖӨБга катышуу сунун формалары (“ЖӨБ жөнүндө” КР Мыйзамынын 7-беренеси) |
1 | АКнын туруктуу комиссиясынын отуруму
Айылдык кенештин сессиясы | 1-квартал
| 1.2021-жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу ФЭБдин жана айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету.
2. Каргалык айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин 2022-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин, келишимин бекитүү жөнүндө.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “МТС” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин бекитүү жана жазгы айдап-себүүгө карата даярдыгы жөнүндө маалыматын угуу.
4. «Кыргызалтын» ААКсы менен «Мансон Групп» ЖЧКанын 27.09.2019-жылдагы келишимин жана «Макмал Голд Компани» ЖЧКанын 04.09.2019-жылдагы келишимдерин жана соцпакетинин №1 калдык сактоочу жайынын убактылуу рекультивация боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалыматын угуу.
5.Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин бекитүү жөнүндө.
6. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза суу” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин бекитүү жөнүндө.
| А/ өкмөт башчысы, ФЭБ башчысы, тиешелүү адистер
А/ өкмөт башчысы,
Жайыт комитети нин төрагасы
А/ өкмөт башчысы, МТСтин жетекчиси
А/ өкмөт башчысы, «Макмал Голд Компани»ЖЧКанын директору, тиешелүү адистер менен
А/ өкмөт башчысы, “Таза кызмат-н” жетекчиси
А/ өкмөт башчысы, “Таза суунун” жетекчиси
| Бюджет, экономика, инвестиция, муниципиал дык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы
Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдардын туруктуу комиссиясы
Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссиясы
=//=
=//=
|
Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алуу ж/а АК токтом долбоорлорун маалымат такталары, интернет сайттарга алып чыгуу тууралуу жооптуу катчыга дайындоо |
АК сессияларынажарандардынжана башка кызыктар адамдардын катышуусу |
| АКнын туруктуу комиссиясынын отуруму
Айылдык кеңештин сессиясы | 2-квартал май |
1.Айылдык кеңештин депутаттары өз округундагы шайлоочуларына отчету менен чыгуу.
2.2022-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасын кароо жана бекитүү |
Айыл өкмөт башчысы жана кеңештин депутат тары
Айыл өкмөт башчысы, тиешелүү адистери менен
|
Мыйзамдуулук, укук, депутат- тык этика, мандат, регла-мент, маданият жана социалдык маселелер б-ча туруктуу ком-сы
Бюджет, экономика, инвестиция, муниципиал дык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы
|
Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алуу ж/а АК токтом долбоорлорун маалымат такталары, интернет сайттарга алып чыгуу тууралуу жооптуу катчыга дайындоо |
АК сессияларынажарандардынжана башка кызыктар адамдардын катышуусу |
| АКнын туруктуу комиссиясынын отуруму
Айылдык кеңештин сессиясы | 3-квартал
|
1.2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджеттин аткарылышы, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча ФЭБдин жана айыл өкмөт башчысынын отчету.
2.2023-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын негизинде түзүү.
3.“МТС” муниципалдык ишканасынын алты айда аткарган иштери, күзгү оруп-жыюуга карата айыл чарба техникаларынын даярдыгы тууралуу жетекчисинин маалыматын угуу |
Айыл өкмөт башчысы, ФЭБ башчысы
Айыл өкмөт башчысы, ФЭБ башчысы
Айыл өкмөт башчысынын орун басары, МТСтин жетекчи- си
|
Бюджет, экономика, инвестиция, муниципиалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы
Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдардын туруктуу комиссиясы
|
Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алуу ж/а АК токтом долбоорлорун маалымат такталары, интернет сайттарга алып чыгуу тууралуу жооптуу катчыга дайындоо |
АК сессияларынажарандардынжана башка кызыктар адамдардын катышуусу | ||
|
Айылдык кеңештин сессиясы | 4-квартал
| 1. 2023-жылга карата Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү.
2.АКтин депутаттарынын, АӨнүн адистеринин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айылдык аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандардын ишине баа берип, жылдын аягында аларды сыйлоо жөнүндө.
3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын 2023-жылга карата иш пландарын бекитүү.
4.Каргалык айылдык кеңешинин 2023-жылга карата иш планын бекитүү.
| Айыл өкмөт башчысы, ФЭБ башчысы
АӨнүн башчысы, АКнын төрагасы, туруктуу комиссиялардын төрага лары
Айылдык кеңеши нин төрагасы нын орун басары, туруктуу комиссиялардын төрага лары, айылдык кеңештин жооптуу катчысы | Бюджет, экономика, инвестиция, муниципиалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы
Мыйзамдуулук, укук, депутат- тык этика, мандат, регла-мент, маданият жана социалдык маселелер б-ча туруктуу ком-сы
Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары |
Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алуу ж/а АК токтом долбоорлорун маалымат такталары, интернет сайттарга алып чыгуу тууралуу жооптуу катчыга дайындоо |
АК сессияларынажарандардынжана башка кызыктар адамдардын катышуусу | ||
Каргалык айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: Ж.Акматова.