Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-февралы №6-12
“Жерди муниципалдык менчикке алуу ” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кызыл-Сеңир айылынын тургундарынын (Боз айгыр тобу) кайрылуусунун негизинде, Кадастр мамлекеттик мекемесиинин Сузак районундагы филиалынын макулдашуусуна ылайык, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-туу айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Сеңир айылынын талаа шыйпаңынын (кырман) 004,5 га жер аянты муниипалдык жер катары менчикке алынып каттоодон өткөрүлсун.
2. Жер аянтын каттоодон өткөрүү жагы Кадастр мамлекеттик мекемесинен Сузак райондук филиалынан суралсын.
3. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев