Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-февралы №6-13
“Таш-Бака участкасындагы жерлерди бир багытынан башка багытка которуу” жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриясынын 31.01.2022 №01-36/36 сандуу катын негиздеп, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын №01-1/30/160 2022-жылдагы кайрылуусун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 11-беренесине таянып беренелеринин негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таш-Бака участкасындагы мамлекеттик фонд эсебинде турган №1907 контурундагы айыл чарбасындагы кайракы айдоо жер аянтынын 8,50 га айыл чарба жерлерин “айыл чарба жерлери” категориясынан “өнөр жай, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын .
3. Токтомду аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Омурзаковго жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев