Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-февралы №6-14
“Токтомду жокко чыгаруу” жөнүндө
Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасынын жашоочуларынын арызынын негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун билдирүүсүнун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айылына караштуу Көк-Булак участкасында социалдык объектилерге каралган 2,0 га муниципалдык жерге, айыл аймактын жакыр жашаган үй бүлөлөрүнө муниципалдык турак жай конушун (комплекс: турак жайлар, тигүү цехи, ФАП, балдар ойноочу жай) салууга уруксат берилген 19-ноябрь №5-1 сандуу токтом жокко чыгарылсын.
2. 15-октябрь 2019-жылы №15-2 кабыл алынган токтом өз күчүндө калтырылсын.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев