Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-февралы №6-15
“Токтомго толуктоо киргизүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин катын жетекчиликке алып, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин Регламентин негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун кайрылуусун негиздеп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2017-жыл 15-декабрында №10 токтомунун биринчи пунктуна толуктоо киргизилсин.
2. “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сенир айылынын Көк-Булак участкасынын кун батыш тарабындагы мамлектетик фонду жерлерине таандык №1 контурдан 7,9 га, №2 контурдан 6,35 га, №64 контурдан 2,05 га, №65 контурдан 2,7 га, №66 контурдан 2,0 га, жалпы 21 га жер аянты кайракы айдоо жерлери” деп толукталсын.
3. Токтомду ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев