Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-февралы №6-16
“Жайыт комитетинин ишмердүүлүгү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К. Мамытовдун 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга карата планынын негизинде, айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун токтомунун негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылдагы иш аракети канааттандырарлык деп баалансын.
2. Жайыт комитенини 2022-жылга такталган киреше жана чыгашаларынын негизинде 2 000 000 сом өлчөмүндө бюджети бекитилсин.
3. Кызыл-Туу жайыт пайдалануучулардан шарттуу мал башына алынуучу төлөмдөр төмөндөгүдөй белгиленсин:
· чоң жылкылар жана бодо малдар үчүн -120 сом
· жаш жылкылар жана жаш бодо мал үчун (2 жашка чейин)-120 сом
· сүт эмди тай жана торпоктор үчүн-120 сом
· кой, эчкилер үчун-30 сом
· козу-улактар үчүн-30 сом
Ал эми сыртка чыккан жайыт пайдалануучулар үчүн мал акысы белгиленген төлөмдүн 50% өлчөмүндө бекитилсин.
Сырттан келген жайыт пайдалануучуларга ушул тариф 1,5 коэффициент эсебинде колдонулсун.
4. Кызыл-Туу айыл өкмөтү боюнча жайыт жерлерди убактылуу тосуп, чөп орок катары пайдаланса, 1 га жер үчүн 1000 (бир миң) сомдон акы төлөнсун.
5. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев