Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-февралы №6-17
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларын, 2023-2024-жылдардын долбоорлорун бекитүү жөнүндө”
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше, чыгашаларын, жайыт комитетинин киреше, чыгашаларын бекитүү жөнүндө жана 2023-2024-жылдарга бюджеттин долбоорун кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Кызыл Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын отчетун канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2022-жылда айыл өкмөтүнүн трансферттер менен кошулуп кирешелери жана чыгашаларынын көлөмү 30148,0 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен жергиликтүү бюджеттик каражаттын көлөмү 24492,0 миң сомго, теңдөө грант эсебинен 4856,0 миң сомго, атайын каражат 4800 миң сомго №1,2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүүдө, теңдөө грантынын божомолу 2023-жылга 4856,0 миң сом эсебинде, жергиликтүү бюджет 25683,0 миң сомго, 2024-жылга тендоо грантынын божомолу 4856,0 миң сомго, жергиликтүү бюджет 26071,0 миң сом эсебинде бекитилсин.
4. Теңдөө грантынын көлөмү 4856,0миң сом өлчөмүндө бөлүмдөр жана беренелер боюнча чыгымдар №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана биринчи кезекте коргоого алынган беренелерди каржылоого (эмгек акы жана социалдык фондко чегерүүгө, электр энергия төлөмү, көмүр сатып алуу) багытталсын.
5. Атайын каражаттарды казыналык системаны аттап өтүп пайдалануусуна тыюу салынсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынышы эскертилсин.
6. Айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрү боюнча 4800,0 миң сом балдардын тамак-ашына багытталсын, казыналык система аркылуу пайдаланылсын жана жергиликтүү бюджеттен балдардын тамак ашына 2400,0 миң сом №4 тиркеменин негизинде бөлүнүп берилсин.
7. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акыларды жана тамарка,унаа салыктарын өз убагында өндүрүү жагын камсыздоо өкмөт башчысына, айыл башчыларга жана салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
8. Бостон айылындагы бала бакчасын куруу учун 940,0 миң сом, Ак Баш айылынын бала бакчасына 2500,0мин сом,Мундуз айылына курулуп жаткан балдар бакчасын бутуруу учун 700,0 миң сом жана Достук бала бакчасына эмерек алууга 30,0 миң сом болунсун. Айыл өкмөттүн аймагындагы мектептердин проектилери үчүн 50,0 миң сом, мектептердин учурдагы ремонту үчүн 80,0 миң сом, Алтын-уя жана Балапан бала бакчаларына аренда акысына 120,0 миң сом бөлүнсүн. Икрам –Ажы атындагы спорт мектебинин айланасын тосуу учун 750,0 мин сом,Спорт мектебинде жана айылдарда спорт оюндарын , улуттук оюндарды өткөрүп туруу үчүн 175,0 миң сом каралсын.
9. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жаратылыш кырсыктарын алдын алуу үчүн 100,0 миң сом жана эпизотикалык фонд үчүн 35,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралсын, эгин талааларындагы арыктарды тартуу үчүн 200,0 миң сом, жана башка түрдүү чыгымдар болуп бардыгы 1530,0 миң сом бөлүнсүн. Сел каналдарды казуу үчүн 100,0 миң сом, ички жолдорду труба коюп оңдоо иштери үчүн 190,0 миң сом, айылдарда жаңы түшкөн көчөлөргө электр зымдарын тартуу үчүн бетон таянычтарын алууга 575,0 миң сом, Шатрак, Соку-Таш,Ак Терек айылдарынын копуросун ондоого 221,0 миң сом, Талаа Булак айылынын таза суу системасын куруу үчүн 150,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
10. Айыл өкмөтүндө майрамдарды, белгилүү күндөрдү жана уюштуруу иштери үчүн 530,0 миң сом бөлүнсүн, компьютер, принтерлер алуу үчүн 135,0 миң сом, кеңсе жана чарба товарларын алуу үчүн 195,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
11. Айыл өкмөтүнүн башчысынын унаа чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомунун негизинде жумшоосу белгиленсин жана айыл өкмөтүндө айылдар алыс жайгашкандыгын эске алып, айыл өкмөт башчысынын орун басарына жана башкы соцалдык адиси долбоорлор, мектептер менен иштөө үчүн өзүнүн жеке менчик автоунаасын айыл өкмөтүнүн жумуштарына пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-сентябрь 2006-жылдагы №672 токтомунун негизинде күйүүчү май үчүн компенсация төлөнуп берилсин.
12. Айыл өкмөт башчысына, айыл өкмөттүн орун басарына, айылдык кеңешке сапар чыгымдарына жана маршуруттук жол кирээ чыгымдары үчүн 110,0 миң сом бекитилсин.
13. Аппарат бөлүмүнө электрондук системага өткөндүгүнө байланыштуу интернет төлөмү үчүн 30,0 миң сом, мектептер, райондор, айыл башчылар менен байланышып туруу үчүн айыл өкмөт башчысына 500 сом, соц.адиске 500 сом, ФЭБ бөлүм башчысына 500 сомдон уюлдук телефон чыгымдарына айына төлөп берилсин.
14. Маданият бөлүмүндө жыл ичинде конкурстарды өткөрүү үчүн 49,4 миң сом, утурумдук ремонт иштери үчүн 10,0 миң сом бөлүнсүн.
15. Аз камсыз болгон, турмуш шарты оор үй бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, карыяларга, ата энеси жок балдарга жардам берүү үчүн 775,0 миң сом каралсын.
16. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 480,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
17. Айыл өкмөт аймагындагы жылытуу системасы көмүр, отун менен иштөөчү мектеп, бала бакчаларга, көмүр алуу үчүн 750,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 8-апрель 2021-жылдагы №135 токтомунун негизинде маданият кызматкерлерин 7 штат бирдиги кармалсын жана иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр менен айлык акылары 755,7 миң сом, социалдык фонд чегерүүсүнө 130,4 миң сом эсебинде бекитилсин.
19. Башкаруу бөлүмүнүн кызматкерлеринин штат бирдиги жана эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомунун негизинде штат бирдиктери бекитилсин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомунун негизинде 8142,2 миң сомго айлык акыларына, социалдык фонд чегерүүсүнө 1201,8 миң сом эсебинде бекитилсин.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерге эмгек акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө ”№64 токтомунун негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасына жана жооптуу катчы кызмат орундарынын штат бирдиги кармалып, эмгек акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 01.03.2017-жылдагы №466 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызматчылардын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомдун негизинде 580,8 миң сом бекитилсин.
21. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын №52 беренесине ылайык айыл өкмөтүндө 17 айыл башчы штат бирдиги кармалсын жана эмгек акысы жергиликтүү бюджеттен төлөнсүн.
22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №386 “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48-беренесине ылайык Жайыт пайдалануучулар комитетинин 2022-жылга чыгашалары 1125,0 миң сомго бекитилсин. Жайыт жерлерди ижарага берүүдө келишим түзүү жайыт комитетине милдеттендирилсин жана социалдык фонд төлөмүн ижарачы өзү төлөөрү келишимде көрсөтүлсүн.
23. Жыл ичинде пландык көрсөткүчтөрдөн кошумча жыйналган кирешелер Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык пайдаланылсын.
24. Жергиликтүү бюджеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизүүгө айылдык кеңештин сессиясына сунуш берүү айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
25. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана максаттуу пайдалануу айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына, айыл өкмөт башчысына, финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
26. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага: Т.Джороев