Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-февралы №6-18
“Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасында ички көчөгө ысым ыйгаруу” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын 25.09.1997-жыл №67 “Географиялык аталыштар жөнундө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Көк-Булак участкасына бурулган негизги жолго эмгек ардагери Оморов Андарбектин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү укук жана мыйзамдуулук туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун негиздеп жана сунушун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таштак айылынан Көк-Булак участкасына бурулган жолго эмгек ардагери Оморов Андарбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Оморов Андарбек атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык символикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев