Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-февралы №6-19
“Жергиликтүу бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун кайрылуусунун негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы сел каналдарын бекемдөө, таштандыларды чыгаруу жумуштарына байланыштуу Hyundai R140 W-9S эксковаторун долбоордун алкагында сатып алуу үчун 5% төлөмгө жергиликтүү бюджеттен 635 375 (алты жүз отуз беш миң үч жүз жетимиш беш) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго жана ФЭБ башчысы Г. Нуруева милдеттендирилсин..
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев