Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-февралы №6-20
“Таштак айылына бала бакча куруу” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Таштак айылынын тургундарынын 11-ноябрь 2021-жылдагы чогулушунун протоколун негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын 17-ноябрь 2021-жылдагы отурумунун протоколунун негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак айылындагы Т. Баев атындагы көчөнүн №№119 дарегинде жайгашкан №3050710130134 сыр белги менен катталган 3300 м2 муниципалдык жер аянтына мектеп жашына чейинки балдар үчүн балдар бакчасын курууга макулдук берилсин.
2. Мыйзам негизинде бала бакча куруу үчүн жерди тактап ажыратып берүү жагы, керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев