Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-августу №4-1
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 26-июнундагы ПЖ №278 “Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнундө” Жарлыгын негиздеп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аппаратынын штат бирдигинин санын кыскартуу Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин төрагасынын 30-июль 2021-жылдагы тапшырмасынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ “Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнундө” №278 Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев