Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-августу №4-2
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04-февраль 2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
· Бекташева Райхан-Эрматов жатак мектебинин орус тили мугалими;
· Керимкулов Тургунбек-Таштак айылынын айыл башчысы;
· Мусаев Камил-А. Матиев атындагы орто мектебинин китепканачысы
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев