Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-августу №4-3
“Кызыл-Сеңир айылындагы борбордук мечиттин ордуна жаңы мечит куруу” жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүң Кызыл-Сеңир айылынын тургундарынын 28-октябрь 2020-жылдагы жыйынын протоколу, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын 25-ноябрь 2020-жылдагы отурумунун протоколу, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин жер жана айыл чарба туруктуу комиссиясынын 20-август 2021-жылдагы отурумунун протоколун негиздеп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сенир айылындагы эски борбордук мечиттин ордуна жаңы мечит курууга макулдук берилсин.
2. Мыйзам негизинде тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жана Жалал-Абад областык казыяттан тиешелүү кагаздарын тактоо жагы Кызыл-Сеңир айылынын башчысы М. Зулпукаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев