Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-августу №4-5
“Орто-Азия айылындагы 50 орундуу бала бакчаны пайдаланууга берүү” жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун 20-август 2021-жылдагы катынын негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Азия айылындагы 50 орундуу бала бакчасынын имараты 2020-жылы толук бүтүрүлгөндүгүнө байланыштуу, пайдаланууга берилсин
2. 50 орундуу бала бакчанын пайдаланууга берилүүчү иш кагаздарын тактоо жана бүтүрүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бала бакчанын штаттык бирдигин бекитип берүү жана кызматкерлердин айлык маянасын мыйзам чегинде чечип берүү жагы Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев