Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-августу №4-6
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 6-айына кошумча тушкөн кирешелерди зарыл чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде “Кирешеге жана пайдага салык” салыгынан эсептөөлөрдүн негизинде пландан ашыкча түшүүчү 1 000,0 миң сом акча каражатын зарыл чыгымдарга пайдалануу үчүн сметага өзгөртүү киргизүү боюнча ФЭБ башчысы Г. Нуруеванын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык Кеңеши жергиликтүү бюджеттин бекитилген сметасына өзгөртүү киргизүү боюнча Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 6-айында жергиликтүү бюджетинин киреше планы “Кирешеге жана пайдага салык” салыгынан 1000,0 мин сомго көбөйтүлсүн.
2. Кызыл Туу айыл окмотунун бюджетине тушкон кошумча киреше эсебинен зарыл болгон чыгымдар учун 1000,0 мин сом төмондөгү чыгымдар үчүн сарпталсын:
· Бостон, Мундуз, Ак Баш, Орто Азия айылдарынын эгин талааларына арык тартуу үчүн ЖКХ бөлүмүнүн “Түрдүү чыгымдар” беренесинен 100,0 миң сом.
· Ак-Баш, Таштак, Мундуз айылдарын ички жолдорун оңдоого 60,0 миң сом.
· А. Матиев, З. Жамашев мектептерин ысык тамакка киргизүү үчүн ашканасын ремонтоого 170,0 миң сом.
· Кызыл- Сенир айылына тротуар куруу үчүн 250,0 миң сом.
· Мундуз айылындагы С. Досуев көчөсүнө тротуар куруу үчүн 150,0 миң сом.
· Мундуз айылынын Б. Калымбетов атындагы орто мектебине кетүүчү жолдун көпүрөсүн оңдоого 15,0 миң сом.
· Шатрак айылына көпүрө жасоо үчүн курулуш материал сатып алууга 50,0 миң сом.
· Жолбун иттерди аттырууга 30.0 миң сом
· Таштак айылындагы О. Муратов атындагы орто мектебинин от жагуучу канаасын куруу үчун 150,0 миң сом
· Ак-Терек, Соку-Таш айылдарынын көпүрөсүн ондоо үчүн 25,0 миң сом
3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кызыл-туу айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнун башчысы Г. Нуруевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана максаттуу пайдалануу айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына, айыл өкмөт башчысына, финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
5. Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
6. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев