Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-августу №4-7
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын сметасына квартал аралык жылдыруу жөнүндө”
Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген сметасына зарыл болгон чыгымдарды аткаруу учүн Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык сметага өзгөртүү киргизүүгө Кызыл -Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын сметасынын III кварталында акча каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу зарыл жумуштарды аткаруу учүн төмөндөгүчө жылдырылсын.
· Тоолуу айылдарда көчкү жүргөн жерлерди оңдоо үчүн салярка алууга ЖКХ бөлүмүнүн “Транспорттук кызмат көрсөтүү”беренесинен 20,0 миң сомго көбөйтүлсүн, ”Турдуу чыгымдар” беренесинен III кварталынан 100,0 миң сомго көбөйтүлүп, “Имараттар жана курулмалар” беренесинен 100,0 миң сомго азайтылсын. IV кварталында кайра өз ордуна келтирилсин.
· ЖКХ бөлүмүнүн ”Имараттар жана курулмалар “беренесинен 500,0 минң сомго, “машиналар жана жабдуулар” беренесинен 125,0 миң сомго азайтылып, Бала бакчаларга жабдууларды алуу үчүн акча каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу, Бала бакча бөлүмүнөн “Учурда чарбалык максаттар учун буюмдар алуу” беренесинен 100,0 миң сомго, ”Машиналар жана жабдуулар” беренесинен 200,0 миң сомго, “Имараттар жана курулмалар” беренесинен 200,0 мин сомго көбөйтүлсүн.
· Аппарат бөлүмүнун “Түрдүү чыгымдар” беренесинен кварталынан 65,0 миң сомго, Резервдик фондунан 30,0 мин сомго көбөйтүлүп, IV кварталынан азайтылсын, Аппарат бөлүмүнөн “байланыш төлөмү” беренесинен“ 20,0 миң сомго, Аппарат бөлүмүнө талапка ылайык компьютерлер алуу учун акча каражаты жетишсиз болгондуктан, Машиналар жана жабдуулар” беренесинен 65,0 мин сомго көбөйтүлсүн.
· Маданият бөлүмүнүн ”Түрдүү чыгымдар” беренесинен 20,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
· Билим берүү бөлүмүнүн НСШ “Түрдүү чыгымдар” беренесинен 10,0 миң сомго азайтылып, “Учурда оңдоолор” беренесине көбөйтүлсүн.
· Бала бакчалардын ата-энелердин тамак-аш үчүн төккөн акча каражатынан үнөмдөлгөн 111,7 миң сом акча каражатын ата-энелердин протоколдорунун негизинде бала бакчалардын утурумдук ремонт иштерине жана жабдуулар алууга жумшалсын.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы финансы бөлүм башчысы Г. Нуруевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү Кыргыз Респбликасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
Төрага: Т.Джороев