Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-августу №4-8
“Таштак айылындагы бала бакча курууга жер ажыратуу” жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Таштак айылынын тургундарынын 02-май 2021-жылдагы арызынын негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын 27-август 2021-жылдагы отурумунун протоколун негиздеп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таштак айылындагы калктуу конуштун жер аянтына кирген 0,21 га жер тилкеси муниципалдык менчике алынсын.
2. Муниципалдык менчике алынган 0,21 га жер аянтына бала бакча курууга макулдук берилсин.
3. Мыйзам негизинде бала бакча куруу үчүн жерди тактап ажыратып берүү жагы, керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жана айылдык кеңештин депутаты К. Мамытовго жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев