Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-октябрындагы № 580
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене. «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосту, 1998-ж., № 12, 502-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 12-берененин 7-бөлүгүндөгү «мамлекеттик кызматчылардын андан жогорку квалификациялык даражасына, класстык чендерине, атайын же аскердик наамдарына ээ эмес болсо,» деген сөздөр «андан жогорку атайын же аскердик наамдарга ээ эмес болсо,» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 18-берененин 3-бөлүгүндөгү «, ал эми катардагы курамдын жана кенже башкаруучу курамдын айрым кызматтарына дайындоо жана бошотуу бажы органдарынын жетекчилери тарабынан ишке ашырылат» деген сөздөр алып салынсын;
3. 34-берененин l-бөлүгүндөгү жана 3-бөлүктүн экинчи абзацындагы «эмгек жөнүндө» деген сөздөр алып салынсын;
4. 35-берененин 2-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 48-берене:
2-бөлүктүн 12-пунктундагы деген символ деген символ менен алмаштырылсын;
2-бөлүк төмөнкү мазмундагы 13-15-пункттар менен толукталсын:
«13) бажы органдарына кызматка кирүүдө кызматкердин жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды берүүсү, эгер бул документтер же маалыматтар бажы органдарына кызматка кирүүсүнө тоскоол болуучу негиз болуп саналса;
14) кызматкердин кызматтык милдеттерди жүйөлүү себептерсиз бир нече жолу аткарбашы, эгер анын тартиптик жаза чарасы болсо;
15) Мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген учурларда.».
2-берене. «Кыргыз Республикасынын Бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2005-ж., № 1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
Аталган Мыйзам менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Бажы органдарынын тартип уставында:
12-пункт:
он бешинчи абзацтагы «.» деген символ «;» деген символ менен алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы он алтынчы - он тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
«- ишке келбесе (жүйөлүү себептерсиз жумуш күнүнүн аралыгында катары менен 3 сааттан ашуун убакыт кызмат отоо ордунда жок болсо);
- кызмат өтөгөн жерде бажы органынын мүлкүн атайын бузса же уурдаса;
- кызматкердин жаракат алуу жана кырсыктарды кошкондо оор кесепеттерге алып келген эмгекти коргоо талаптарын бузуусу;
- кызматкерге кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу белгилүү болгон мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык же башка мыйзам менен корголгон жашыруун сырларды ачыкка чыгарса, эгерде аны сактоо жөнүндө шарттар контрактта каралса.»
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
|
|