Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-январы №22-15
“2020-жылдын 11-мартындагы №18-1 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
«CASA - 1000" жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын мамыларын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.02.2020- жылдагы № 105 токтомун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” жөнүндөгү мыйзамына негизинде Кызыл-туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Датка-Сугд” 500кВ жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын
мамыларын орнотуу үчүн, мамлекетик фонду эсебиндеги жерлеринин, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 0,5289 га кайракы айдоо жана 0,0845 га кысыр аңыз, жалпы аянты 0,6134 га жерлерди, анын ичинен:
№ 17 контурундагы-0,04 га кайракы айдоо,
№ 2308 контурундагы-0,0324 га кайракы айдоо,
№ 1884 контурундагы-0,0324 га кайракы айдоо,
№ 2357 контурундагы-0,1154 га кайракы айдоо,
№ 2356 контурундагы-0,08 га кайракы айдоо,
№ 2355 контурундагы-0,04 га кайракы айдоо,
№ 1832 контурундагы-0,1526 га кайракы айдоо,
№ 1827 контурундагы-0,0361 га кайракы айдоо,
№ 1885 контурундагы-0,0361 га кысыр аңыз,
№ 1886 контурундагы-0,0484 га кысыр аңыз жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспортун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Кызыл-туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кызыл-туу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрайым: Т.Тагаева