Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 04-июну №2-1
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоону өткөрүү жөнүндө” 2021-жылдын 3-июнундагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколун карап чыгып, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө, Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын №2 протоколу бекитилсин.
2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган Омурзаков Майсалбек Чокмокович шайланды деп эсептелсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев