Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги биринчи сессиясы
2021-жылдын 11-майы №1-3
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасынынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 38-беренесинин 3-бөлүмүнө, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин регламентинин 3-бөлүмүнө ылайык жана Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 11.05.2021-жылдагы №4 протоколун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына добушка коюлган талапкерлердин ичинен жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган Омуралиев Мирбек Жаныбекович Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин тарагасы: |
Т.Джороев |