Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 22-12
«2020-жылдын 11-мартындагы №18-1 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
«CASA - 1000" жогорку чыңалуудагы электр аба чубалгылары мамыларын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.02.2020-жылдагы №105 токтомунун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагына «CASA - 1000" жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларын мамыларын куруу үчүн мамлекеттик фонд эсебиндеги 0,5914 га кайракы айдоо, анын ичинен № 1704- контурдан 0,04 га, №2308- контурдан 0,0324 га, №1884-контурдан 0,0324 га, №2357-контурдан 0,1154га, №2356-контурдан 0,08 га, №2355-контурдан 0,04га, №1832-контурдан 0,1526 га, №1894-контурдан 0,0625 га, №1827-контурдан 0,0361га жана 0,0845га кысыр аңыз, анын ичинен №1885-контурдан 0,0361га, №1886-контурдан 0,0484 га жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана уюштуруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомду Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрайым: | Т.Тагаева |