Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 22-13
«2020-жылдын 11-мартындагы №18-1 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
«CASA - 1000" жогорку чыңалуудагы электр аба чубалгылары мамыларын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.02.2020-жылдагы №105 токтомунун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагына «CASA - 1000" жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларын мамыларын куруу үчүн мамлекеттик фонд эсебиндеги 0,120га чөп чабынды, анын ичинен №1694-контурдан 0,08 га, №1699-контурдан 0,04га жана 0,3285 га жайыт, анын ичинен №1678-контурдан 0,04га, №1705-контурдан 0,04га, №1709-контурдан 0,04га, №1703-контурдан 0,0324га, №1901-контурдан 0,1085га, № 1846-контурдан 0,0676 га жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана уюштуруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомду Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрайым: | Т.Тагаева |