Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 22-14
Балдар аянтчасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын 2021-жылдын 15-январындагы протоколуна жана Жашасын-2 айылынын жашоочуларынын 2021-жылдын 12-январындагы протоколуна таянып, Жашасын-2 айылынын тургундардын социалдык маселелерин чечүү максатында Кызыл-Туу айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жашасын-2 айылында жайгашкан муниципиалдык менчиктеги 0,16 га жер аянты мектеп жашына чейинки балдар үчүн ойноочу аянтча курууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жана иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы М.Калмаматовго жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрайым: | Т.Тагаева |