Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 22-1
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн2020-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларын, 2022-2023-жылдардын долбоорлорун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше, чыгашаларын, жайыт комитетинин киреше, чыгашаларынбекитүү жөнүндө жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин долбоорун кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысыГ.Нуруеванынбилдирүүсүн угуп, талкуулап Кызыл Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМКЫЛАТ:
1. Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин аткарылышы 27844,9 миң сом, чыгашалары 24918,9 миң сом олчомундо бекитилсин.
2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн2021-жылда айыл өкмөтүнүнтрансферттер мененкошулуп кирешелерижана чыгашаларынын көлөмү 29009,0 миң сомөлчөмүндө, анын ичинен жергиликтүү бюджеттик каражаттын көлөмү 16644,9 миң сомго, теңдөө грант эсебинен 9364,1 миң сомго, атайын каражат3000,0 миң сомго №1,2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүүдө, теңдөө грантынын божомолу 2022-жылга 10372,2 миң сом эсебинде, жергиликтүү бюджет20163,0,0 миң сомго, 2023-жылга тендоо грантынын божомолу 10373,2 миң сомго, жергиликтүү бюджет 20576,0миң сом эсебинде бекитилсин.
4. Теңдөө грантынынкөлөмү 9364,1 миң сом өлчөмүндө бөлүмдөр жана беренелер боюнча чыгымдар №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана биринчи кезекте коргоого алынган беренелерди каржылоого (эмгек акы жана социалдык фондко чегерүүгө, электр энергия төлөмү, көмүр сатып алуу) багытталсын.
5. Атайын каражаттарды казыналык системаны аттап өтүп пайдалануусуна тыюу салынсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100 пайызы республикалыкбюджеттин кирешесине алынышы эскертилсин.
6. Айыл өкмөтүндөгүбалдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрү боюнча 3000,0 миң сомбалдардын тамак-ашына багытталсын, казыналык система аркылуу пайдаланылсын жана жергиликтүү бюджеттен балдардын тамак ашына2200,0 миң сом№4 тиркеменин негизинде бөлүнүп берилсин.
7. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акыларды жана үлүш жерлерден өндүрүлүүчү салыктарды өз убагында өндүрүү жагын камсыздоо өкмөт башчысына, айыл башчыларга жана салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
8. Талаа Булакайылындагы балдар бакчасынынкурулушуна айыл өкмөт тарабынан1000,0 миң сом,Ак Баш айылына курулушуна 1000,0 миң сом, Ак Ниет жана Балапанбалдар бакчасына видео байкооч коюу үчүн30,0 миң сом жана Достук бала бакчасына кир жуучу машина алуу үчүн 20,0 миң сом,Балапан балдар бакчасынадолбоорун жасатуу үчүн100,0 миң сом болунсун. Айыл өкмөттүн аймагындагы мектептердин проектилери үчүн 100,0 миң сом,мектептерге энерго паспортторун жанылоо үчүн 60,0миң сом жана таза суу куйдуруп турууга 30,0миң сом,мектептердин жанабала бакчаларга учурдагы ремонту үчүн 200,0 миң сом, бала бакчалардынар түрдүү чыгымдарына 80,0 миң сом, Алтын-уя бала бакчасына аренда акысына 60,0 миң сомбөлүнсүн.Спорт мектебинде, айылдарда спорт оюндарын жана улуттук оюндардыөткөрүп туруу үчүн 250,0 миң сом каралсын.
9. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жаратылыш кырсыктарын алдын алуу үчүн 100,0 миң сом жана кол тийгис фонд үчүн 70,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралсын, эгин талааларындагы арыктарды тартуу үчүн 100,0 миң сом, жана башка түрдүү чыгымдар болуп бардыгы 1370,0 миң сом бөлүнсүн. Сел каналдарды казуу үчүн 100,0 миң сом, ички жолдорду оңдоо иштери үчүн 385,0 миң сом,айылдарда жаңы түшкөн көчөлөргө электр зымдарын тартуу үчүн бетон таянычтарын алууга 413,0 миң сом, Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасына трансформатор орнотуу үчүн100,0 миң сом, Шатрак, Соку-Таш айылдарынын таза суусуүчүн винтиль коюуга 100,0 миң сом,Кызыл-Сеңир айылынын МХО участкасына таза суу системасын долбоор менен куруу үчүн айыл өкмөттун салымы үчүн 650,0 миң сом жана суу түтүктөрүн оңдоо иштерине 150,0 миң сомбөлүнүп берилсин.
10. Айыл өкмөтүндөмайрамдарды, белгилүү күндөрдү жана уюштуруу иштери үчүн685,0 миң сом бөлүнсүн,компьютер, принтерлералуу үчүн 96,0 миң сом, кеңсе жана чарба товарларын алуу үчүн 120,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
11. Айыл өкмөтүнүн башчысынынунаа чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомунун негизинде жумшоосу белгиленсин жана айыл өкмөтүндө айылдар алыс жайгашкандыгын эске алып, айыл өкмөт башчысынын орун басарына жана башкы соцалдык адиси долбоорлор, мектептер менен иштөө үчүнөзүнүн жеке менчик автоунаасын айыл өкмөтүнүн жумуштарына пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-сентябрь 2006-жылдагы №672 токтомунун негизинде күйүүчү май үчүн компенсация төлөнуп берилсин.
12. Айыл өкмөт башчысына, айыл өкмөттүн орун басарына, айылдык кеңешке сапар чыгымдарынажанамаршуруттук жол кирээ чыгымдары үчүн 125,0 миң сом бекитилсин.
13. Аппарат бөлүмүнө электрондук системага өткөндүгүнө байланыштуу интернет төлөмү үчүн 30,0 миң сом, мектептер, райондор, айыл башчылар менен байланышып туруу үчүн айыл өкмөт башчысына 500 сом, орун басарына 500 сом, ФЭБ бөлүм башчысына 500сомдонуюлдук телефон чыгымдарына айына төлөп берилсин.
14. Маданият бөлүмүндө жыл ичинде конкурстарды өткөрүү үчүн 40,0 миң сом, утурумдук ремонт иштери үчүн 10,0 миң сом бөлүнсүн.
15. Аз камсыз болгон, турмуш шарты оор үй бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, карыяларга, ата энеси жок балдарга жардам берүү үчүн 830,0 миң сом каралсын.
16. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 257,0 миң сомөлчөмүндө белгиленсин.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.06.2018-жыл №208-б буйругуна ылайык электр энергиясы үчүн 2018-жылга айыл өкмөтүнөн электр энергияга бөлүнгөн 1720,0 миң сом 606300 кВт лимит бекитилсин, лимит сактоо мекеме уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин жана лимит сакталсын.
18. Айыл өкмөт аймагындагы жылытуу системасы көмүр, отун менен иштөөчү мектеп, бала бакчаларга, көмүр алуу үчүн720,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31-январь 2012-жылдагы№66 токтомунуннегизиндемаданият кызматкерлерин 7 штат бирдиги кармалсынжанаиштеген жылдары үчүнкошумча төлөөлөрменен айлык акылары 513,6 миң сом, социалдык фонд чегерүүсүнө 88,6 миң сом эсебиндебекитилсин.
20. Башкаруу бөлүмүнүнкызматкерлерининштат бирдиги жана эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомунун негизинде штат бирдиктерибекитилсин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2017-жылдын 7-августундагы№466 токтомунун негизинде8394,2 миң сомго айлык акыларына, социалдык фонд чегерүүсүнө 1241,2 миң сом эсебиндебекитилсин.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерге эмгек акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө ”№64 токтомунун негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрайымына жана жооптуу катчы кызмат орундарынын штат бирдиги кармалып, эмгек акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 01.03.2017-жылдагы №466 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызматчылардын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомдун негизинде 448,4 миң сом бекитилсин.
22. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруужана мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын №52 беренесине ылайык айыл өкмөтүндө17 айыл башчы штат бирдигикармалсын жана эмгек акысы жергиликтүү бюджеттен төлөнсүн.
23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №386 “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48-беренесине ылайык Жайыт пайдалануучулар комитетинин 2021-жылгачыгашалары613,0 миң сомго бекитилсин. Жайыт жерлерди ижарага берүүдө келишим түзүү жайыт комитетине милдеттендирилсин жана социалдык фонд төлөмүн ижарачы өзү төлөөрү келишимде көрсөтүлсүн.
24. Жыл ичинде пландык көрсөткүчтөрдөн кошумча жыйналган кирешелер Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык пайдаланылсын.
25. Жергиликтүү бюджеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизүүгө айылдык кеңештинсессиясына сунуш берүү айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысыГ.Нуруевага милдеттендирилсин.
26. Токтомдунаткарылышын көзөмөлдөө жана максаттуу пайдалануу айылдык кеңештин бюджеттиккомиссиясына, айыл өкмөт башчысына, финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
27. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрайым: | Т.Тагаева |