Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 22-2
Орто-Азия айылынын тургуну А.Абылкасымовдун кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына, Жалал-Абад облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы №01-7/214 корутундусуна негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 25-декабрь 2020-жылдагы Орто-Азия айылынын тургуну А.Абылкасымовдун Көк-Арт дарыясынын оң жээгиндеги жерден бак эгип, өздөштүрүү жашылдандыруу үчүн 1,2 га жер сураган арызын канааттандырган протоколун жер адиси К.Жамашевдин баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Азия айылынын тургуну Абылкасымов Адылбек Камчыбековичке Көк-Арт дарыясынын оң жээгиндеги жерден бак эгип, өздөштүрүү жашылдандыруу үчүн 1,2 га жер берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде жерди тактап, иш кагаздарын тиешелүү мекеме уюмдардын мыйзамдын талабына ылайык даярдоо жагы жер комиссиясынын төрагасы М.Матиевге, жер адиси К.Жамашевге жана арыз ээси А.Абылкасымовго милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынан өздөштүрүү долбоорун даярдап берүү жагы суралсын.
4. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Калмаматовго жана айылдык кенештин айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрайым: | Т.Тагаева |