Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 22-3
Таштак айылынын тургуну Б.Карымшаковдун кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 25-декабрь 2020-жылдагы Таштак айылынын тургуну Б.Карымшаковдун Осумбек-Булак участкасындагы жерден бак эгип, өздөштүрүү жашылдандыруу үчүн 5,5 га жер сураган арызын канааттандырган протоколун жер адиси К.Жамашевдин баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таштак айылынын тургуну Карымшаков Бексултан Токсонбаевичке Осумбек-Булак участкасынын КБФ жерден бак эгип, өздөштүрүү жашылдандыруу үчүн 5,5 га жер берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде жерди тактап, иш кагаздарын тиешелүү мекеме уюмдардын мыйзамдын талабына ылайык даярдоо жагы жер комиссиясынын төрагасы М.Матиевге, жер адиси К.Жамашевге жана арыз ээси Б.Карымшаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Калмаматовго жана айылдык кенештин айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрайым: | Т.Тагаева |