Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 22-4
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
· Джороев Турат Курманбекович- айылдык кеңештин депутаты
· Артыкбаев Канат Эркинович- айылдык кеңештин депутаты
· Самиев Сыргабай Кылычбекович- айылдык кеңештин депутаты
· Жумабаев Арапбай Абдиллаевич- айылдык кеңештин депутаты
· Абдыкадыров Бейкут Алишерович- айылдык кеңештин депутаты
· Стамов Абдували Турдалиевич- Кызыл-Сенир айылынын тургуну, эмгек ардагери
· Зулпукаров Муктарбек Акматбекович- Кызыл-Сенир айылынын тургуну, жеке ишкер
· Досов Азизбек Макамбаевич- Кызыл-Туу аймактык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги, милициянын майору
· Жамбилов Кутманбек Кутбидинович- Кызыл-Туу аймактык милиция бөлүмчөсүнүн ыйгарым өкүлү, милициянын капитаны
· Камчыбеков Насипбек Кадырбекович- Кызыл-Сенир айылынын тургуну,
Жалал-Абад областтык мамлекеттик кинодирекциясынын директору
1. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрайым: | Т.Тагаева |