Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 22-5
“Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо, тартип сактоо, адабият жана маданият тармагында үзүрлүү эмгектенген төмөнкү жарандар “Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын:
· Баатаева Ширинбу Исаковна – №10 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси
· Ибрагимова Тургунбуш Жалаловна- Кызыл-Сенир айылынын тургуну, мугалим
2. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрайым: | Т.Тагаева |