Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 22-6
“Талаа-Булак айылындагы жер жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын 2020-жылдын 21-октябрындагы №01-16/280 катына, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнун алдындагы жер комиссиясынын 2020-жылдын 25-декабрындагы протоколуна негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Талаа-Булак айылындагы мурунку Ачы совхозу убагындагы авто гараждын ордундагы, социалдык объектилер үчүн калтырылган муниципиалдык менчиктеги 13266,5 чарчы метр жер аянты Талаа-Булак айылынын жашоочуларынын турак жай куруу үчүн жазган арыздарынын ылайык, айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Талаа-Булак айылындагы мурунку Ачы совхозу убагындагы авто гараждын ордундагы, социалдык объектилер үчүн калтырылган муниципиалдык менчиктеги 13266,5 чарчы метр жер аянты Талаа-Булак айылынын жашоочуларына турак жай куруу үчүн макулдук берилсин.
2. Мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Сузак райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрайым: | Т.Тагаева |