Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 22-9
“Кызыл-Туу айыл аймагынын 2021-2023-жылдар үчүн социалдык экономикалык өнүгүү планы жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2- бөлүмүнун 3-6-пункуттарын негиздеп, айыл өкмөттүн социалдык коргоо ббоюнча башкы адиси А.Сулаймановдун 2021-2023-жылдар үчүн пландаштырылган социалдык-экономикалык өнүгүү планы жөнүндө кенири маалыматын угуп, талкулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдар үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
2. Социалдык-экономикалык өнүгүү планын ишке ашырып аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жага айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрайым: | Т.Тагаева |