Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин кезектеги V чакырылыштагы кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 27-январы № 1
"Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин 28-февраль 2014-жылдагы XXVI чакырылыштагы кезектеги ХI сессиясынын №2 токтому менен бекитилген Нарын шаардык Кеңешинин Регламенти күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык иштелип чыккан Нарын шаардык Кеңешинин жаңы Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.
Төрага | А.Молдосалиев |
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
I БӨЛҮМ. НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН НЕГИЗГИ ИШТЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Шаардык Кеңештин компетенциясына кирген маселелер
3-глава. Шаардык Кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу
4-глава. Шаардык Кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби
5-глава. Шаардык Кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
6-глава. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары
7-глава. Шаардык Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
8-глава. Шаардык Кеңештин катчысы
9-глава. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары
10-глава. Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
11-глава. Туруктуу комиссиялардын жыйындары
12-глава. Туруктуу комиссиялардын кошмо жыйындары
13-глава. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары
14-глава. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
15-глава. Убактылуу комиссия
II БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
16-глава. Шаардык Кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби
17-глава. Шаардык Кеңештин кезексиз сессиясы
18-глава. Сессиянын күн тартиби
19-глава. Сессияга төрагалык кылуучу
20-глава. Шаардык Кеңештин сессиясында депутаттын укугу жана милдети
21-глава. Шаардык Кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына шаардык Кеңештин депутаты эмес адамдардын катышуу тартиби
22-глава. Депутаттын жана шаардык Кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдардын тартиби жана этикасы
III БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШ ТАРАБЫНАН ЧЕЧИМДЕРДИ ТАЛКУУЛООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ
23-глава. Шаардык Кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби
24-глава. Шаардык Кеңештин сессияларындагы жол-жобо маселелери
25-глава. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы
26-глава. Жарыш сөз (талкуулоо)
27-глава. Чечим кабыл алуу үчүн кворум
28-глава. Добуш берүү жана анын түрлөрү
29-глава. Ачык жана жашыруун добуш берүү
30-глава. Эсептөө комиссиясынын иши
31-глава. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби
32-глава. Шаардык Кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу
33-глава. Шаардык Кеңештин токтомдорунун аткарылышын контролдоо
IV БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН НОРМА ЧЫГАРУУ ИШИ
34-глава. Норма чыгаруу ишинин негизги принциптери
35-глава. Шаардык Кеңештин токтомун жол-жоболоштуруунун тартиби
36-глава. Шаардык Кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби
V БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ
37-глава. Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
38-глава. Шаардык Кеңештин жарандарынын мыйзам чыгаруу демилгесин кароо
39-глава. Регламентти сактоо үчүн контролду ишке ашыруунун тартиби
I БӨЛҮМ. НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН НЕГИЗГИ ИШТЕРИ
Бул Регламент Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын ишмердигин жөнгө салган «Шаардык мамлекеттик администрация жана шаардык өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Шаардык Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шаардык Кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
1-глава. Жалпы жоболор
1.1.Нарын шаардык Кеңешинин (мындан ары – шаардык Кеңеш) жашыруун добуш берүү менен жалпы тең жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө шайланган 31 депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, шаардык өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы.
1.2.Сессиялар, туруктуу (убактылуу) комиссиялар, ошондой эле шайлоочулар менен иштешүү шаардык Кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
1.3.Шаардык Кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
2-глава. Шаардык Кеңештин компетенциясына кирген маселелер
2.1.Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Регламент менен белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде өз алдынча маселелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
2.2. Шаардык Кеңештин сессияларында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктарды кошпогондо, төмөндөгү маселелер чечилет:
1) шаардык Кеңештин Регламентин бекитүү;
2) шаардык Кеңештин жылдык иш планынын бекитүү;
3) шаардык Кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
4) туруктуу (убактылуу) комиссиялардын иштери жөнүндө отчетторду угуу.
5) аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
6) башка шаардык Кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;
7) жергиликтүү коомдоштуктардын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
8) аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
9) келишимдин негизинде шаардык өз алдынча башкару органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда мамлекеттик органдар жана жергилктүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте келишимдин шарттарын бекитүү, ошондой эле келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди токтотуу же токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
10) шаардык Кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча иш-чаралардын жана шайлоочулар менен иштөө боюнча башка иш-чаралардын ар жылдык планын бекитүү;
11) шаардык маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;
12) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга макулдук берүү;
13) муниципалдык менчик обьектилеринин Реестрин киргизүү тартибин бекитүү;
14) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө;
15) жайыт жерлерин пайдалануу, аларды пайдалануунун отчеттору, ошондой эле жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын өлчөмү боюнча жамааттардын ар жылдык планын бекитүү;
16) жергиликтүү коомдоштуктарынын Уставынын жоболорун жана шаардык Кеңеш кабыл алган чечимдердин аткарылышын контролдоо;
17) аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында аткаруу органдары менен бирдикте биргелешкен иштерди жүзөгө ашыруу үчүн коомдук башталышта активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыктар жактарды тартуунун планын бекитүү;
18) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн методикасын, шаардык бюджеттин каржаттарынын жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу шаардык демилгелерди/ долбоорлорду/ программаларды, бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;
19) коомдук угууларды өткөрүү, анын ичинде маселени кеңири кароо жана өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды уюштурууну жана өткөрүүнү аткаруу органынын башчысына тапшыруу;
20) депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн шаардык Кеңештердин депутаттары тарабынан коомдук башталышта коомдук жардамчыларды тартуунун тартибин бекитүү;
21) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү коомдоштуктун Уставына ылайык башка маселелерди чечүү.
3-глава. Шаардык Кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу
3.1. Шаардык Кеңеш жана анын туруктуу комиссиялары бир жылга планын түзөт. Шаардык Кеңештин планы тууралуу маселе биринчи сессия өткөрүлгөн соң кийинки сессиянын күн тартибине киргизилет.
3.2. Шаардык Кеңештин иш планы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары/орун басарлары, туруктуу комиссиялардын төрагалары шаардык Кеңештин жооптуу катчысы жана аткаруу органынын башчысы менен бирдикте шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан түзүлөт, зарылчылыкка жараша аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери чакырылат.
3.3. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын иш планы шаардык Кеңештин иш планынын негизинде туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү, шаардык Кеңештин жооптуу катчысы, шаардык Кеңештин төрагасы жана аткаруу органынын башчысы менен бирдикте түзүлөт.
3.4. Иш планына бир жылдын аралыгында шаардык Кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиянын жыйналыштарында кароого чыгарылган маселелер киргизилет.
3.5. Шаардык Кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын ишин пландаштыруу шаардык Кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын кароосуна иш планына киргизилбеген башка маанилүү маселелерди киргизүүго чектөө койбойт.
3.6. Шаардык Кеңештин курамы, туруктуу комиссиялардын курамы, ошондой эле иш пландары аймактагы маалымат тактайларында документтердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу аркылуу маалымдалат.
4-глава. Шаардык Кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби
4.1. Шаардык Кеңештин төрагасы тиешелүү шаардык Кеңештин сессиясында Кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен шаардык Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
4.2. Шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талпкерди көрсөтүү укугу төмөндөгүлөргө таандык:
- депутаттык фракцияга;
Ар бир депутаттык фракция бир талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.
4.3. Шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутатты көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга арыз берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
4.4. Талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана аларды жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүн эсептөө комиссиясына берилет.
4.5. Шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт, алардын суроолоруна жооп берет.
Чыгып сүйлөө үчүн ага 5 мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн 10 мүнөткө, корутунду сөз сүйлөө үчүн 3 мүнөткө чейин сөз берилет.
4.6. Шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди колдоп же ага каршы чыгып сүйлөөнү каалаган депутаттарга сөз сүйлөө үчүн 3 мүнөткө чейин убакыт берилет.
4.7. Шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталгангана чейин өзүн өзү алып кое алат, бул тууралуу төрагалык кылуучуга добуш бергенге чейин өзүнүн тапкерлигин алып коюу жөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добуш берүүсүз кабыл алынат.
4.8. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин фамилияларын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
4.9. Шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелинет.
Эгерде:
- бир талапкер көрсөтүлүп, ал депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
- эки талапкер көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын добуштарынын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
- эки талапкерден көп көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көп санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин экөөсү добуштардын тең көп санын алышса, ал эми кийинки талапкерлер добуштардын аз санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын тең алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт.
4.10. Талапкерлерди (же жаңы талапкерлерди) көрсөтүү менен кайрадан шайлоо шаардык Кеңештин эрки боюнча биринчи сессиянын күнүндө же башка күнү, бирок биринчи сессиянын күнүнөн баштап 5 календардык күндөн кеч эмес өткөрүлөт.
5-глава. Шаардык Кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
5.1. Шаардык Кеңештин төрагасы:
- шаардык Кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;
- шаардык Кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;
- шаардык Кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо үчүн жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып шаардык Кеңештин сессиясына киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;
- шаардык Кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын контролдойт;
- шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;
- шаардык Кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына контролдоону уюштурат;
- шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
- шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарынын/орун басарларынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун контролдойт;
- депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
- шаардык Кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;
- мамлекеттик органдар, шаардык өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе шаардык Кеңештин атынан чыгат;
- шаардык Кеңештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өзүн өзү башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;
- шаардык Кеңештин, анын органдарынын абройун (аброюн), депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу тууралуу сунуштайт;
- ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.
5.2. Шаардык Кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген учурда, ал шаардык Кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.
6-глава. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары
6.1. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары шаардык Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө төраганын альтернативалык түрдө берген сунушу боюнча шаардык Кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Шаардык Кеңештин төрагасынын 2 орун басары болот.
6.2. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди шайлоо тартиби жана добуш берүүнүн башка жол-жоболук маселелери шаардык Кеңештин төрагасы үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат.
6.3. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.
Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары шаардык Кеңештин төрагасын алмаштырган учурда Мыйзамда каралган учурларда шаардык Кеңештин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө компенсация алат.
6.4. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары:
- шаардык Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- шаардык Кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда шаардык Кеңештин төрагасынын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле шаардык Кеңештин төрагасынын тапшыруусу боюнча шаардык Кеңештин сессияларын алып барат;
- шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштурат жана багыттайт, алардын өз ара аракеттерин координациялайт;
- шаардык Кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын ишине жетекчиликти ишке ашырат же координациялайт;
- аймакта жайгашкан жергиликтүү коомдоштуктар жана башка юридикалык жактар менен тыгыз байланышты жүргүзөт;
- шаардык Кеңештин, анын комиссияларынын компетенциясына кирген маселелерге арналган иш-чараларга катышат;
- шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары менен бирдикте шаардык Кеңеш кабыл алган чечимдердин, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
- ушул Регламентте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка иш-милдеттерди аткарат.
7-глава. Шаардык Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
7.1. Шаардык Кеңештин төрагасы жана анын орун басары алардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алар өздөрүнүн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот.
7.2. Өз каалоолору боюнча шаардык Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе алардын өздөрүнөн арыздар келип түшкөндө, ошондой эле депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча каралат.
7.3. Өз каалоолору боюнча шаардык Кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом ачык добуш берүү (же депутаттардын каалоосу боюнча жашыруун добуш берүү) аркылуу шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7.4. Өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда шаардык Кеңештин сессиясында жашыруун (же ачык) добуш берүү жолу менен шаардык Кеңештин төрагасы, төрагасынын орун басары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Шаардык Кеңештин төрагасын, төраганын орун басарынын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилиши мүмкүн.
7.5. Шаардык Кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Шаардык Кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7.6. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, шаардык кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгу добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
8-глава. Шаардык Кеңештин катчысы
8.1. Шаардык Кеңештин ишин жооптуу катчы камсыз кылат.
8.2. Жооптуу катчы шаардык Кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана шаардык Кеңештин депутаттарына жардам көрсөтөт. Шаардык Кеңештин сессияларын уюштуруу жана өткөрүү үчүн керектүү материалдарды даярдоону камсыз кылат.
8.3. Жооптуу катчы шаардык Кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- шаардык Кеңештин токтомдорун каттоону жүргүзөт (каттоо журналында);
- шаардык Кеңешке келип түшкөн каттарды кабыл алат жана каттайт, шаардык Кеңештин төрагасынын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуга өткөрүп берет;
- шаардык Кеңештин сессияларына материалдарды, анын ичинде шаардык Кеңештин токтомдорунун долбоорлорун жана анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
- шаардык Кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорун иштеп чыгууга көмөктөшөт, бекилгенден кийин алардын өз учурунда аткарылышына көмөктөшөт;
- сессияларды, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарын чакыруу жөнүндө шаардык Кеңештин депутаттарына маалымдайт;
- шаардык Кеңештин сессияларынын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында шаардык Кеңештин депутаттарын каттоону ишке ашырат;
- чакырылган адамдарды, ачык сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышууну каалаган адамдарды каттоону жүзөгө ашырат;
- шаардык Кеңештин иш кагаздарын, анын ичинде келүүчүлөрдү кабыл алуу журналын, депутаттарга кайрылган жарандардын кайрылууларын каттоону жүргүзөт;
- шаардык Кеңештин токтомдорун жол-жоболоштурат, аларды (күчүнө киргизүүгө) жарыялоону, каттоону, шаардык Кеңештин депутаттарына, тийиштү адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат;
- расмий жарыялангандан кийин шаардык Кеңештин токтомунун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтөт;
- шаардык Кеңештин документтерин, туруктуу(убактылуу) комиссиялардын документтерин кошуп алганда, сактоону, системага салууну жана тийиштүү абалда кармоону камсыз кылат;
- туруктуу, убактылуу комиссияларга, депутаттык топторго уюштуруучулук жагынан жардам көрсөтөт;
- башка ченемдик укуктук актыларга, шаардык Кеңештин ушул Регламентине ылайык жана шаардык Кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
8.4. Аткаруу органынын башчысы менен макулдашуу аркылуу шаардык Кеңештин төрагасынын тапшырмасына ылайык туруктуу (убактылуу) комиссиялардын ишине көмөк көрсөтүү боюнча аткаруу органынын жооптуу катчысынын иш-милдеттери аппараттын кызматкерлерине жүктөлүшү мүмкүн.
9-глава. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары
9.1. Кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле Кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, аймагында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын ошол чечимдерди аткарышын контролдоо үчүн шаардык Кеңеш туруктуу комиссияларды түзөт.
9.2. Туруктуу комиссиялар шаардык Кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана шаардык Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө шаардык Кеңештин токтому менен түзүлөт.
9.3. Туруктуу комиссиялардын тизмеси жана алардын сандык курамы шаардык Кеңешке шайланган депутаттардын сандык курамын эске алуу менен шаардык Кеңеш тарабынан белгиленет жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
9.4. Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы шаардык Кеңештин депутаттарынын санынан: 5 кем болбоого жана 7 көп болбоого тийиш.
9.5. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн шаардык Кеңештин депутаттары шайлашат.
9.6. Шаардык Кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.
9.7. Туруктуу комисиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Шаардык Кеңештин төрагасы жана анын орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире алышпайт.
9.8. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат. Туруктуу комиссиялардын төрагалары шаардык Кеңештин сессияларында бекитилет.
9.9. Комиссиянын төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.
9.10. Туруктуу комиссиялар шаардык Кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө шаардык Кеңешке отчет беришет.
9.11. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, шаардык Кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.
Шаардык Кеңештин депутаттарынын орто курамын эске алуу менен шаардык Кеңеште төмөндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиялар иш алып барышат:
- бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча;
- социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча;
- муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясы;
- депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча;
- мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча.
10-глава. Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
10.1. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде:
- иш планына ылайык туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды шаардык Кеңештин кароосуна киргизет;
-кийинки жылга туруктуу комиссиянын иш планын иштеп чыгат;
- шаардык Кеңештин кароосуна аймактын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелер боюнча сунуштарды шаардык Кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
- өзүнүн аймагынын экономикалык өнүгүүсүнүн планынын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өзүнүн корутундусун даярдайт, керек болгондо аларды Кеңешке сунуш кылат;
- шаардык Кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча шаардык Кеңештин кароосуна келип түшкөн жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын карайт;
- өз ишинин уюштуруу маселелерин чечет;
- шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын жоболорун аткаруу боюнча контролду жүзөгө ашырат;
- каралып жаткан маселени башка комиссияга өткөрүп берүү тууралуу сунушту шаардык Кеңештин төрагасына киргизет;
- башка комиссиялар карап жаткан маслелер боюнча пикирин билдирет;
- ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
10.2. Туруктуу комиссиялар төмөндөгүлөргө укуктуу:
- өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга;
- өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин шаардык органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин, ошондой эле аткаруу органынын башчысын жана анын аппаратынын тийиштүү адистерин угууга;
- өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, аткаруу органынын аппаратынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана илипоздорду тартуу укугу менен шаардык Кеңештин депутаттарынын ичинен убактылуу комиссияларды түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- туруктуу комиссиянын кароосуна берилген маселени иликтөө үчүн маалыматтарды, материалдарды жана документтерди кызмат адамдарынан, аткаруу органдарынан, мамлекеттик органдардан, уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден, аймагында жайгашкан башка уюмдардан суратып алууга, алар суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттө же суроо-талап берилген күндөн бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды туруктуу комиссияларга берүүгө милдеттүү;
- өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча шаардык Кеңештин төрагасына жана аткаруу органынын башчысына каралып жаткан маселени кеңири талкуулоо жана коомдук пикирлерди эске алуу максатында коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- башка туруктуу комиссиялар менен кошмо жыйын өткөрүүгө.
10.3. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары аймагында жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдик-чарбалык жана финансылык-чарбалык иштерине кийлигишүүгө укугу жок.
11-глава. Туруктуу комиссиялардын жыйындары
11.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына ылайык чакырылат.
11.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.
11.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат, кызыктар болгон бардык тараптар туруктуу комиссияларлардын жыйындарына ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
11.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.
11.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучу маселер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес комиссиянын мүчөлөрүнө, шаардык Кеңештин төрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамадарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.
11.6. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укукченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын добушу менен кабыл алынат.
11.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен, ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин, шаардык Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын талабы боюнча да комиссиянын жыйынын чакыра алат.
11.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына Кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле шаардык Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын, аткаруу органынын башчысынын катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.
11.9. Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы кол коет, ал жокто анын орун басары кол коет. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.
11.10. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) аткаруу органдарына жүктөлөт.
12-глава. Туруктуу комиссиялардын кошмо жыйындары
12.1. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле шаардык Кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялар тарабынан биргеликте даярдалат жана каралат.
12.2. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди иликтөө жана кароо кошмо жыйындарда жүргүзүлөт.
12.3. Эгерде кошмо жыйынга ар бир комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Кошмо жыйынды өз ара макулдашуу боюнча ошол комиссиялардын төрагалары алып барышат.
12.4. Кошмо жыйында каралган маселелер боюнча чечим туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана ошол комиссиялардын төрагалары тарабынан кол коюлат. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.
13-глава. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары
Туруктуу комиссиянын төрагасы:
- комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө түздөн-түз же жооптуу катчы аркылуу маалымдайт;
- комиссиянын мүчөлөрү, жооптуу катчы, шаардык Кеңештин төрагасы, аткаруу органынын башчысы же анын орун басары менен бирдикте бир жылга туруктуу комиссиянын иш планын түзөт;
- туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү менен бирдикте комиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
- комиссиянын жыйынын чакырат жана зарыл документтерди жана башка материлдарды даярдоону уюштурат;
- комиссиянын ишине байланыштуу материалдар жана документтер менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат;
- убактылуу комиссиялардын ишине комиссия мүчөлөрүнүн катышуусун сунуш кылат;
- Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысынын жардамы менен жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, эксперттерди жана илимпоздорду туруктуу комиссиянын жыйындарына катышуу үчүн чакырат;
- комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат:
- шаардык Кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары менен туруктуу байланышта болот, комиссиянын жыйындарында каралган маселелер, ошондой эле чечимдерди жана комиссиянын сунуштарын жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алынган чаралар тууралуу маалымдайт;
- шаардык Кеңештин, туруктуу комиссиялардын чечимдерин аткаруу боюнча ишти уюштурат, тапшырылган милдеттердин аткарылышы тууралуу шаардык Кеңештин төрагасына, комиссиянын мүчөлөрүнө маалымдайт;
- жыл сайын шаардык Кеңештин сессияларында туруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет, отчетто камтылган малыматтарды кеңири жайылтуу үчүн чараларды көрөт.
14-глава. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
14.1. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:
- туруктуу комиссиялардын жыйынында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
- комиссиянын иш планы, комиссиянын жыйындарынын күн тартиби боюнча, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана анын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
- комиссияда каралып жаткан маселелер боюнча кызмат адамдарынын жана башка адамдардын маалыматтарын угуунун зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- комиссиянын чечимдеринин, корутундуларынын долбооруна сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
- өзүнүн сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
- комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.
14.2. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ушул Регламенттин жоболорун сактоого;
- өзү мүчөсү болуп саналган туруктуу комиссиялардын бардык жыйындарына катышууга. Комиссиянын жыйынына жүйөлүү себептерден улам катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда комиссиянын төрагасына билдирүүгө;
- шаардык Кеңештин жана анын комиссияларынын компетенцияларына кирген маселелерлерге арналган иш-чараларга катышууга;
- ал кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашырууга активдүү катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга.
14.3. Комиссия тарабынан каралган бардык маслелерди чечүүгө активдүү катышуу үчүн комиссиянын мүчөсүнө шарт түзүлөт жана керектүү материалдар берилет.
14.4. Комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшырмасы боюнча комиссиянын карамагына кирген маслелерди жеринен иликтейт, өзүнүн тыянактары жана сунуштары тууралуу комиссияга билдирет.
14.5. Сунушу комиссияда колдоого ээ болбогон комиссиянын мүчөсү ошол маселе шаардык Кеңештин сессиясында талкууланган учурда, аларды жазуу же оозеки түрүндө киргизүүгө укуктуу.
15-глава. Убактылуу комиссия
15.1. Шаардык Кеңеш зарылчылыкка жараша убактылуу комиссияларды түзүүгө укуктуу.
15.2. Убактылуу комиссиялар шаардык Кеңешинин төрагасынын, анын орун басарынын, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын сунушу, ошондой эле шаардык кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча түзүлөт.
15.3. Убактылуу комиссиялардын иши төмөндөгү учурлар менен чектелет:
- убактылуу комиссия түзүлгөн тийиштүү мезгил менен;
- убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тийиштүү тапшырма менен.
15.4. Убактылуу комиссияны түзүү шаардык кещештин токтому менен жол-жоболоштурат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- убактылуу комиссиянын аталышы;
- убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн сандык жана жеке курамы;
- убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тапшырма;
- убактылуу комиссиянын ыйгарым укугунун мөөнөтү.
15.5. Убактылуу комиссиянын мүчөлөрү шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Добуш берүү ошондой эле убактылуу комиссиянын курамы боюнча да жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы алардын курамын шайлоо тууралуу шаардык Кеңештин токтому менен бекилет.
15.6. Өзүнүн курамынан убактылуу комиссиянын мүчөлөрү өздөрүнүн жалпы санын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат.
15.7. Өзүнүн ишинин жыйынтыктары боюнча убактылуу комиссия шаардык Кеңешке отчет берет. Өзгөчө пикири бар комиссиянын мүчөсү аны шаардык Кеңештин сессиясында жарыялоого укуктуу.
15.8. Убактылуу комиссия төмөндөгү учурларда өзүнүн ишин токтотот:
- өзү түзүлгөн мезгил аяктаганда;
- убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлүп, чечүүгө тийиш болгон тапшырмалар аткарылган учурда;
- шаардык Кеңештин чечими боюнча башка учурларда.
15.9. Зарылчылкка жараша адистер, эксперттер, демилгечи топтор жана башка кызыктар адамдар убактылуу комиссиянын ишине тартылышы мүмкүн.
15.10. Каралып жаткан маслеле боюнча убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен убактылуу комиссия чечим же корутунду кабыл алат.
15.11. Убактылуу комиссиянын жыйынын өткөрүүнүн тартиби туруктуу комиссиялар үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
15.12. Шаардык Кеңештин убактылуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) аткаруу органына жүктөлөт.
II БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
16-глава. Шаардык Кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби
16.1. Шаардык Кеңештин сессиясы шаардык Кеңештин карамагына кирген маселелерди коллективдүү талкуулоону жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алууну камсыз кылган шаардык Кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
16.2. Шаардык Кеңештин сессиясы шаардык Кеңештин дептуттарынын жалпы санынын жарымынан аз эмеси катышканда укук ченемдүү болот.
16.3. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин 10 мүнөттүн аралыгында кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу 15 мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде 15 мүнөттүн ичинде кворум камсыз кылынбаса, анда сессия болбой калды деп эсептелинет.
16.4. Шаардык Кеңештин сессиясын шаардык Кеңештин төрагасы чакырат:
- өзүнүн демилгеси боюнча;
- шаардык Кеңештин депуттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча;
- аткаруу органынын башчысынын сунушу боюнча;
16.5. Шаардык Кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу шаардык Кеңештин сессиясынан тышкары, кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
16.6. Шаардык Кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Сессияга аткаруу органынын башчысы, анын орун басары, жергиликтүү коомдоштук мүчөлөрү, каралуучу маселе боюнча чакырылган адамдар, ошондой эле ушул Регламентте каралган тартипте бардык кызыктар адамдар катышууга укуктуу.
16.7. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштүү болсо, шаардык Кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн, ал эми башка өзгөчө учурларда (пандемия, карантин ж.б.у.с.) онлайн тартибинде сессия өткөрүүгө болот.
16.8. Шаардык Кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу жарыя сессия башталганга чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен, аймактарда жалпы жашоочуларга жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет.
16.9. Шаардык Кеңештин сессиясына катышуучулардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат. Депуттарды каттоону жооптуу катчы жүргүзөт, каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысы көрсөтүлүү менен сессия аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Депутаттарды каттоо журналы жооптуу катчыда (же шаардык Кеңештин төрагасында) сакталат. Сессияга катышкан депутат өзүнүн катталуусун жокко чыгарууну талап кылууга укуксуз.
16.10. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык документ түрүндө тастыкталган оору, иш сапары жана башка себептер шаардык Кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептери болуп саналат. Мындай учурда депутат шаардык Кеңештин төрагасына, шаардык Кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документти тапшырат.
16.11. Сессияларга катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутаттарга карата шаардык Кеңештин депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу шаардык Кеңештин чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
17-глава. Шаардык Кеңештин кезексиз сессиясы
17.1. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн шаардык Кеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же аткаруу органынын башчысынын, шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча шаардык Кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.
17.2. Аткаруу органынын башчысынын же шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин, шаардык Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча сунушу кезексиз сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын кыскача негиздемеси менен жазуу жүзүндө шаардык Кеңештин төрагасына берилет.
17.3. Шаардык Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча шаардык Кеңештин төрагасынын сунушу каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын негиздемеси менен маалымдама аркылуу жол-жоболоштурулат жана шаардык Кеңештин депутаттарына жөнөтүлөт.
17.4. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кеч эмес убакытта чакырылат.
17.5. Кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө шаардык Кеңештин депутаттарына маалымдоо кезексиз сессияны чакыруу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн баштап 4 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
17.6. Шаардык Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча жарыяда кезексиз сессияда каралуучу маселелер көрсөтүлүп, кезексиз сессия башталганга чейин 4 календардык күндөн кечиктирилбестен, аймактарда жалпы жашоочуларга жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет.
17.7. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда шаардык Кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн маалымдоонун мөөнөтүн милдеттүү түрдө сактабастан эле кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
17.8. Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессиянын 1 календарлык күнгө чейин, калган бардык катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.
17.9. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда кезексиз сессиянын күн тартиби жана материалдары депутаттарга жана бардык чакырылгандарга жана катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.
18-глава. Сессиянын күн тартиби
18.1. Сессиянын күн тартибинин долбоору шаардык Кеңештин иш планынын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, аткаруу органынын башчыларынын сунуштарынын негизинде жыйын өткөрүүгө чейин шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан 10 күн мурда жана шаардык Кеңештин кезексиз сессиясына чейин 5 күн мурда түзүлөт. Өзгөчө кырдаал жаралган учурларда кечиктирилгис түрдө түзүлөт.
18.2. Күн тартибинин долбоорунун маселелери алар туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында алдын ала каралгандан кийин жана алар шаардык Кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагалары менен макулдашылгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.
18.3. Өткөрүлүүчү убактысы жана жери көрсөтүлүү менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана башка документтер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календардык күндөн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдарга жөнөтүлөт. Күн тартибинин долбоору бир эле учурда маалымат такталарына жайгаштырылат, ошондой эле шаардык калктын таанышуусу үчүн аймактагы көрүнүктүү жерлерге илинет.
18.4. Эгерде шаардык Кеңештин депутаттары зарыл деп эсептешсе, сессиянын күн тартибинин долбоору шаардык гезиттерде, телекөрсөтүүдө жана радиода жарыя кылынат.
18.5. Сессиянын күн тартибинин долбоору сессияда төрагалык кылуучу тарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.
18.6. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
18.7. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбоорун жаӊы маселе менен толуктоо тууралуу сунуш, эгерде сунуш кылынган маселе мурда шаардык Кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен киргизилет.
18.8. Күн тартибинин долбооруна киргизилген маселелерди алып салуу же сессиянын күн тартибиндеги маселелерге өзгөртүү киргизүү (техникалык маанидеги) тууралуу сунуштар шаардык Кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралбастан эле катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
18.9. Сессиянын күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин төрага тарабынан сессиянын күн тартиби жалпысынан кабыл алуу үчүн добушка коюлат, сессиянын күн тартиби шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
18.10. Шаардык Кеңештин сессиясында кошумча материалдар шаардык Кеңештин төрагасынын кол коюусу болгондо гана таркатылат.
19-глава. Сессияга төрагалык кылуучу
19.1. Шаардык Кеңештин сессиясын сессияга төрагалык кылуучу алып барат. Сессияга төрагалык кылуучу шаардык Кеңештин төрагасы болуп саналат, ал жокто шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары болот.
19.2. Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- шаардык Кеңештин сессиясын алып барууга;
- маселелерди талкуулоого катышууга;
- депутаттарга жана кызмат адамдарына маалым-кат алуу үчүн кайрылууга;
- эгерде депутат Регламентти бузуп жатса, күн тартибинен башка маселе боюнча сүйлөсө, кемсинтүүчү сөздөрдү пайдаланса, чыгып сүйлөөчүнү эскертүүгө, эгерде кайталап мындай бузууларга жол берсе, чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө добушка коюуга;
- чечим кабыл алынган учурда көпчүлүгүнүн добуш берүүсү ачыктан-ачык белгилүү болуп турганда добуштарды саноого убакыт кетирбөөгө;
- сессияда пайда болгон пикир келишпестиктерди четтетүү жана маселелерди чечүү максатында депутаттар, адистер менен Кеңешүүлөрдү өткөрүүнү жүргүзүүгө;
- ушул Регламентте белгиленген тартипте сессияга катышуу тартибин бузган депутат болуп саналышпаган адамдарга сөз бербөө, жыйындар залынан чыгарып жиберүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө;
- залда өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле коомдук тартипти одоно бузуулар жаралган учурда сессияны токтото турууга.
19.3 Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ушул Регламентти сактоого жана аны ушул жыйынга катышуучулардын баарынын сактоосун камсыз кылууга;
- чыгып сүйлөө убактысын сактоону камсыз кылууга, белгиленген убакыттын бүтүп жаткандыгы тууралуу өз учурунда эскертүүгө;
- сессиянын күн тартибине ылайык келип түшкөн сунуштардын ирети боюнча сөз сүйлөө үчүн сөз берүүгө;
- сессиянын күн тартибинде турган маселелерди добушка коюуга;
- келип түшкөн депутаттардын сунуштарын иретине жараша добушка коюуга;
- депутаттардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарын жана кайрылууларын жарыя кылууга, суроо-талаптар үчүн сөз берүүгө, аларга суроо-жооп, маалымкат, билдирүү, жарандардын кайрылуулары, жарыялар үчүн, ошондой эле жыйынды алып баруу боюнча сын-пикирлер, шаардык Кеңештин токтомунун долбоору боюнча сунуштарды жана түзөтүүлөрдү киргизүү, добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөө үчүн сөз берүүгө;
- сессиянын протоколун жүргүзүүнү уюштурууга, шаардык Кеңештин сессияларынын протоколдоруна жана токтомдоруна кол коюуга;
- сессиянын катышуучуларына карата сый мамиле жасоого, сессиянын катышуучуларына жекече сын-пикирин билдирүүдөн жана алардын сөздөрүнө баа берүүдөн, комментарий жасоодон карманууга;
- сессияны алып баруунун эрежелери жана жол-жоболору боюнча билдирүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү эске алууга;
- эгерде шаардык Кеңештин төрагасы каралып жаткан маселе боюнча баяндамачы болсо же аны шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордунан бошотуу тууралуу маселени шаардык Кеңеш караган учурда, сессияны алып барууну орун басарына берүүгө.
20-глава. Шаардык Кеңештин сессиясында депутаттын укугу жана милдети
20.1. Шаардык Кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:
- шаардык Кеңештин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;
- шаардык Кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
- шаардык Кеңештин жана анын органдарынын жыйындарынын күн тартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун ирети жана алардын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
- токтомдордун долбоорлорун, шаардык Кеңеш же анын органдары кабыл алуучу документтерди жана аларга түзөтүүлөрдү кароо үчүн демилгелөөгө жана киргизүүгө;
- шаардык Кеңеш түзүүчү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамы жана шаардык Кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарынын талапкерлиги боюнча пикирин билдирүүгө;
- шаардык Кеңеш тарабынан түзүлүүчү органга, алардын курамына кирген адамдарга, ошондой эле шаардык Кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маслени коюуга;
- жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга сессияга төрагалык кылуучуга суроолорду берүүгө;
- шаардык Кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынын Кеңештин сессиясында отчетун угуу, ошондой эле шаардык Кеңештин, аймагында жайгашкан башка органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
- шаардык Кеңештин сессиясында, анын органдарынын жыйындарында шаардык Кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жарандардын же алардын бирикмелеринин кайрылууларынын, билдирүүлөрүнүн, петицияларынын текстерин, эгерде алар коомдук мааниге ээ болсо, жарыя кылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте ага берилген башка укуктардан пайдаланууга.
20.2. Шаардык Кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессиянын ишине катышууга;
- Регламенти, сессиянын күн тартибин жана сессияга төрагалык кылуучунун укук ченемдүү талаптарын сактоого;
- колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөнү суранууга;
- сессияга төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана чыгып сүйлөөгө;
- жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
- чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына жана кадыр-баркына акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, көзкөрүнөө жалган маалыматтарды пайдаланбоого, сессиянын катышуучуларына алардын чыгып сүйлөгөн сөздөрүнө баам бербөөгө, кимдир бирөөнүн дарегине карата негизсиз жалаа жабууга жол бербөөгө;
- сессия учурунда төрагалык кылуучунун уруксаты менен чыгып кетүүгө.
20.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда депутат мыйзамдарга ылайык жооп берет.
20.4. Шаардык Кеңештин депутаты анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары үчүн материалдык жактан пайдалуу маселелелер Кеңештин сессияларында каралган учурда катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
20.5. Шаардык Кеңештин депутаттары шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси менен төмөндөгү маселелерди демилгелөөгө укуктуу:
- өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же тийиштүү деңгээлде аткарбаган учурларда шаардык Кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотууга;
- шаардык Кеңештин сессиясын кезексиз тартипте чакырууга;
- мурда кабыл алынган жергиликтүү коомдоштук уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө.
20.6. Шаардык Кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан айтылган жана жазуу жүзүндө төрагалык кылуучуга берилген сын-пикирлер жана сунуштар шаардык Кеңеш тарабынан же анын тапшырмасы боюнча туруктуу (убактылуу) комиссиялар тарабынан каралат же тиийштүү мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын кароосуна жөнөтүлөт, алар шаардык Кеңеш тарабынан башкача каралбаса, ошол сунуштарды жана сын-пикирлерди бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча сунуш жана сын-пикир киргизген депутатка, ошондой эле шаардык Кеңештин төрагасына билдирүүгө милдетүү.
20.7. Сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында депутаттарга шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын, депутаттардын сунуштарынын жана сын-пикирлеринин, шайлоочулардын сууроо-талаптарынын жүзөгө ашырылышын жүрүшү жөнүндө, ошондой эле шаардык Кеңештин жана анын органдарынын иштеринин башка маанилүү маселелери мазгил-мезгили менен маалымдалат.
21-глава. Шаардык Кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына шаардык Кеңештин депутаты эмес адамдардын катышуу тартиби
21.1. Аткаруу органынын башчысы, анын орун басары, ошондой эле тиешелүү аймакта иш жүргүзгөн башка кызмат адамдары, аппарат кызматкерлери, жергиликтүү коомдоштук мүчөлөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка кызыктар адамдар шаардык Кеңештин ачык сессияларына жана анын органдарынын ачык жыйындарына атайын уруксат алуусуз катышууга укуктуу.
21.2. Жогоруда аталган адамдар ачык сессияга жана/же анын органынын жыйындарына катышууга ниеттенишсе, сессиянын же жыйындын катчысы атайын каттоо журналына аларды каттайт жана алар жөнүндө маалыматтарды сессиянын же жыйындын протоколуна киргизет.
21.3. Шаардык Кеңештин депутаты болуп саналбаган адамдардын маалыматтары (ф.а.а., жашаган жери, иштеген орду) катчы тарабынан аларды катышып жаткан депутаттарга маалымдоо үчүн төрагалык кылуучуга берилет.
21.4. Шаардык Кеңештин депутаттары болуп саналышпаган адамдар катталган учурдан тартып сессиянын, жыйындын катчысы аларды ушул Регламенттин 22-главасында белгиленген шаардык Кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышуунун тартиби жана шаардык Кеңештин Регламентин бузган учурда анын жоопкерчилиги тууралуу тааныштырат.
21.5. Шаардык Кеңештин төрагасы шаардык Кеңештин сессиясын ачаар алдында, сессияга катышып жаткан шаардык Кеңешке депутат болуп саналышпаган адамдардын сессияга катышып жаткандыктары жөнүндө депутаттарга маалымдайт.
21.6. Сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар үчүн жыйындар залында атайын орун бөлүнөт. Эгерде, сессия туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары өтүп жаткан жыйындар залы катышууну каалагандардын баарын батыра албаса, төрагалык кылуучунун тапшырмасы боюнча шаардык Кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары аталган адамдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Өкүлчүлүк бир көчөдөн, бир кварталдан, бир уюмдан, бир мекемеден, бир бирикмеден бир өкүл (эки же үч) болушу мүмкүн.
22-глава. Депутаттын жана шаардык Кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдардын тартиби жана этикасы
22.1. Өз ишинде шаардык Кеңештин депутаты жалпыга таанылган моралдык нормаларын кармоого, өзүнүн наркын сактай билүүгө, башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын ызаттоого, шаардык Кеңештин, шайлоочулардын жана жалпысынан мамлекеттин беделине шек келтирген аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан алыс болууга тийиш. Депутаттык мандатты жеке кызыкчылыктары үчүн колдонууга жол бербөөсү керек.
22.2. Депутат төмөндөгүлөрдү жасоого тийиш эмес:
- шаардык Кеңештин саясий максаттар үчүн жана жеке пайда табуу үчүн конфиденциалдуу маалыматтарды колдонууга;
- шаардык Кеңештин жабык сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушуна тийиштүү маалыматтарды жарыя кылууга, анткени алар депутатка аларды жайылтпоо шартында ишенүү менен айтылат;
- өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек жазык жана жарандык иштер боюнча фактылар жөнүндө айтууга;
- шаардык Кеңештин мүлкүн жеке максаттары үчүн пайдаланууга;
- депутаттык милдеттерин аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактардан белек, акча каражаты жана аракети жана аракетсиздиги үчүн кызмат түрүндө сый акыларды алууга.
22.3. Депутаттар, шаардык Кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого милдеттүү, чыгып сүйлөгөндө орой, мазактаган сөздөрдү колдонууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз күнөө жабууга жол берүүгө, талкууланып жаткан темадан чыгып кетүүгө укугу жок.
22.4. Ушул жоболор бузулган учурда сессияга төрагалык кылуучу сүйлөп жатканга эскертүү берет, Регламенттин талаптарын кайталап бузуулар болгон учурда төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укуктуу, талкууланган маселе боюнча ага кайталап сүйлөөгө сөз берилбейт.
22.5. Сессия учурунда депутаттар чыгып сүйлөөчүнүн жана катышуучулардын сөз сүйлөөсүнө жана угуп олтуруусуна жолтоо болгон аракеттерди (кыйкыруу, кол чабуу, тура калуу, комментарийлерди берүү ж.б.у.с.) жасоого тийиш эмес.
22.6. Сессияга чакырылган жана катышып жаткан адамдар шаардык Кеңештин, анын органдарынын ишине сессиянын, жыйындын төрагалык кылуучунун уруксатысыз кийлигише албайт (сөз сүйлөө, билдирүү жасоо, өз пикирин билдирүү, комментарий жасоо).
22.7. Сессия учурунда залда катышып олтургандардын баары, депутаттарды кошуп алганда, түйүндүк байланыш аппараттарын өчүрүп коюуга (же үн чыкпас режимге коюуга) милдетүү.
22.8. Эгерде депутат ушул Регламенттин талаптарын бузса, сессияга, жыйынга төрагалык кылуучу анын жеке өзүн эскертет жана тартипке чакырат.
22.9. Шаардык Кеңештин сессиясына төрт жолу катары менен жүйөлүү себептерсиз катышпаган, ошондой эле туруктуу (убактылуу) комиссиялардын иштерине, шаардык Кеңештин иш-чараларына туруктуу катышпаган, шайлоочулардын алдында отчет беришпеген депутаттар жөнүндө маалыматтар шаардык Кеңештин сессияларында жарыя кылынат жана тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияга берилет.
III БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШ ТАРАБЫНАН ЧЕЧИМДЕРДИ ТАЛКУУЛООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ
23-глава. Шаардык Кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби
23.1. Шаардык Кеңештин сессияларында күн тартибине киргизилген жана сессиянын ишинин башталышында шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан бекитилген маселелер каралат.
23.2. Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маселенин демилгечиси же маселени алдын ала кароого тапшырылган туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасы баяндама менен чыгып сүйлөйт. Эгерде органдын же кызмат адамынын отчету болсо отчет берүүчү адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жөнүндө маалымат болсо, анда анын жетекчиси (мындан ары-баяндамачы) чыгып сүйлөйт, баяндамачы жок болуп калган учурда анын эмне үчүн жок болгондугун аныктоо менен маселе кийинки сессияга жылдырылат.
23.3. Шаардык Кеңештин депутаты, сессияга катышкан адамдар каралып жаткан маселе боюнча баяндамачыга суроо берүүгө, каралып жаткан маселе боюнча токтомдун долбооруна жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлерин жана сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду) берүүгө укуктуу.
23.4. Маселени жана токтомдун долбоорун караган учурда туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундулары, ошондой эле депутаттардын жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлери жана сунуштары (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) угулат, алар талкууланып добуш берүүгө коюлат.
23.5. Талкуу (жарыш сөз) бүткөндөн кийин баяндамачы корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу. Андан ары депутаттар добуш берүүнүн түрү (ачык, жашыруун) боюнча сунуш берүүгө укуктуу.
23.6. Талкууланып жаткан маселе боюнча токтомдун долбоорунун текстине депутаттардан сунуштар (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) келип түшсө, төрагалык кылуучу депутаттардын бардык сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду) түшкөн ирээти боюнча добушка коет. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген депутаттын сунушу кабыл алынды деп эсептелинет жана токтомдун долбоорунун текстине кошулат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаган сунуш четке кагылды деп эсептелинет.
23.7. Токтомдун долбоору добуш берүү аркылуу киргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жалпысынан добушка коюлат. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелинет. Четке кагылган токтомдун долбоору шаардык Кеңештин кезектеги сессиясында каралышы мүмкүн.
23.8. Шаардык Кеңештин депутаттары талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, эгерде берилген суроолор боюнча баяндамачынын жоопторуна канааттанышбаса, же каралып жаткан маселени баяндамачы жетишээрлик эмес иликтесе, же мыйзамдардын нормаларына карама каршы келсе, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин кийики сессиясына киргизүү укугу менен маселени жеткире иштеп чыгууга жөнөтүү тууралуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алууга укутуу.
23.9. Талкуулоонун жүрүшүндө баяндамачы каралып жаткан маселени кийинки сессияга жылдыруу тууралуу билдирүү менен төрагалык кылуучуга расмий түрдө жазуу же оозеки түрүндө кайрылууга укуктуу. Мындай учурда талкуулоо токтотулат, каралып жаткан маселе кийинки сессияда каралууга жатат.
23.10. Төрагалык кылуучунун, туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасынын же депутаттардын үчтөн биринин кем эмес сунушу боюнча шаардык Кеңеш кыскартылган жол-жобо боюнча маселелерди кароо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Кыскартылган жол-жобого төмөндөгүлөр кирет:
- негизги баяндамачынын баяндамасы;
- ар бир депутаттан эки суроо жана аларга жооптор;
- 5 мүнөттөн ашык эмес жарыш сөз (талкуу);
- баяндамачынын корутунду сөзү;
-токтомдун долбоорунун текстине келип түшкөн депутаттардын сунуштары боюнча добуш берүү;
- токтомду жалпысынан кабыл алуу боюнча добуш берүү.
24-глава. Шаардык Кеңештин сессияларындагы жол-жобо маселелери
24.1. Жол-жобо маселелерине сессияны алып баруунун тартибине байланышкан төмөндөгү маселелер кирет:
- сессияда тыныгуу, аны жылдыруу, жабуу же узартуу жөнүндө;
- добуш берүүнүн жолун өзгөртүү жөнүндө;
- чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин өзгөртүү жөнүндө;
-кошумча каттоону жүргүзүү жүнүндө;
- кворумду тактоо жана добуштарды кайра саноо жөнүндө;
- талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздөрдү жылдыруу же токтотуу жөнүндө;
- маселени кароону туруктуу же убактылуу комиссияларга өткөрүп берүү жөнүндө;
- чыгып сүйлөчүлөрдүн убактысын чектөө же узартуу жөнүндө;
- күн тартибинин башка маселелерине өтүү (кайрылып келүү) жөнүндө;
- сессияда маслелелерди кароонун жана талкуулоонун ирээти жөнүндө;
- добуш берүүнүн түрүн белгилөө жөнүндө;
- маселени кароону кийинки сессияга жылдыруу жөнүндө;
- маселелерди талкуулоонун жалпы узактыгын белгилөө жөнүндө;
- күн тартибине маселелерди киргизүү жана алып салуу жөнүндө;
- чыгып сүйлөөлөрдүн жана маселелердин санына чектөө белгилөө жөнүндө;
- суроо жооптордун убактысына чектөө киргизүү же узартуу жөнүндө;
- каралып жаткан маселе боюнча адамдарды жыйынга чакыруу жөнүндө;
- чакырылган адамдарга сөз берүү жөнүндө;
- күн тартибинин маселесин талкуулабай туруп добушка коюуга өтүү жөнүндө;
- добуштарды кайра саноо жөнүндө;
- жол-жобого кирген башка маселелер.
24.2. Жол-жобо маселелери боюнча шаардык Кеңештин чечими катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана токтом менен тастыкталбайт.
25-глава. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы
25.1. Сессияларда төмөндөгүдөй чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын убактысынын узактыгы каралат:
- баяндама - 10 мүнөткө чейин;
- баяндамаларды жарыш сөздөрдө талкуулоо үчүн - 5 мүнөткө чейин;
- күн тартибин талкуулоо үчүн – 5 мүнөткө чейин;
- талкууланып жаткан маселе боюнча корутунду сөз үчүн - 3 мүнөткө чейин;
- шайлануучу кызматка талапкердин чыгып сүйлөөсү үчүн - 5 мүнөткө чейин;
- талкууланып жаткан талапкер боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөө үчүн -3 мүнөткө чейин;
- добуш берүүнүн жүйөсү боюнча чыгып сүйлөө үчүн - 1 мүнөткө чейин;
- жыйынды алып баруунун тартиби боюнча чыгып сүйлөө үчүн - 1 мүнөткө чейин;
- сунуштар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн - 2 мүнөткө чейин;
- кайталап сөз сүйлөө үчүн - 2 мүнөткө чейин;
25.2. Катышып олтурган депутаттардын макулдугу менен төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын 3 мүнөткө чейин узартууга укугу бар.
25.3. Бир эле маселе боюнча бир депутаттын экиден ашык сөз сүйлөөсүнө жол берилбейт.
25.4. Шайлануучу кызматка талапкердин баяндамасы, чыгып сүйлөөсү трибунадан жүргүзүлөт, калган чыгып сүйлөөлөр – трибунадан же олтурган ордунан жүргүзүлөт.
25.5. Депутат жыйында төрагалык кылуучу тарабынан өзүнө сөз берилгенден кийин гана сөз сүйлөйт.
25.6. Сөз берүү жөнүндө сунуш төрагалык кылуучуга жазуу түрү сыяктуу эле, оозеки түрүндө да берилет.
25.7. Аткаруу органынын башчысы, анын орун басарлары каралып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөө үчүн кезексиз түрдө сөз алууга укуктуу.
25.8. Сессияны алып баруунун тартиби, добуш берүүнүн түрү, маалымат, түшүнүк берүү боюнча сөз сессияга төрагалык кылуучу тарабынан берилиши мүмкүн, анын узактыгы 2 мүнөттөн ашпайт.
25.9. Депутаттардын билдирүүлөрү жана кайрылуулары күн тартибинин «Ар кандай маселелеринде» каралат. Шаардык Кеңештин сессиясынын же төрагалык кылуучунун чечими боюнча «Ар кандай маселелерге» 10 мүнөт убакыт берилиши мүмкүн.
25.10. Күн тартибинин кезектеги маселесин кароого өтүү же бүтпөй калган мурдагы маселелердин бирине кайрылып келүү, ошондой эле маселелерди кароонун ирээтин өзгөртүү сессияга төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.
25.11. Сессияга төрагалык кылуучу тарабынан сессиянын ишине 20 мүнөткө чейинки кезексиз тыныгуу (добуш берилбей туруп) жарыяланышы мүмкүн.
25.12. Баш аламандык пайда болгондо жана аны токтотууга мүмкүн болбой калганда төрагалык кылуучу 40 мүнөткө чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия өз ишин кайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, төрагалык кылуучу сессияны жабык деп жарыялоого жана/же аны белгилүү убакка же күнгө которууга укуктуу.
26-глава. Жарыш сөз (талкуулоо)
26.1. Төрагалык кылуучунун уруксаты жок шаардык Кеңештин сессиясында эч кимдин сөз сүйлөөгө укугу жок.
26.2. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчүлөр талкууланып жаткан маселенин темасын карманууга тийиш. Чыгып сүйлөөчү темадан чыгып кеткен учурда, төрагалык кылуучу ага эскертет, ал эми Регламенттин талаптарын кайталап бузган учурда төрагалык кылуучунун чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укугу бар.
26.3. Төрагалык кылуучу жарыш сөздөрдү токтотуу тууралуу сунуш келип түшкөндө депутаттарга чыгып сүйлөөнү каалагандардын, бирок сөз жетпей калгандардын саны жөнүндө баяндайт, кимиси чыгып сүйлөөнү талап кылып жатканын аныктайт жана ушуларды эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу тууралуу маселени добушка коет.
26.4. Жарыш сөз токтотулгандыгына байланыштуу, сөз сүйлөй албай калган депутаттык топтун өкүлүнүн, депутаттардын төрагалык кылуучуга сүйлөөчү сөздөрүнүн текстин сессиянын протоколуна тиркеп коюу үчүн берүүгө укугу бар.
27-глава. Чечим кабыл алуу үчүн кворум
27.1. Шаардык Кеңештин чечимдери төмөндөгүдөй кабыл алынат:
- шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен;
- шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен;
- шаардык Кеңештин депутаттарынын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен.
27.2. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен төмөндөгү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:
- шаардык Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо;
- шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
- жергиликтүү коомдоштуктун уставын бекитүү.
27.3. Депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен төмөндөгү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:
- шаардык Кеңештин төрагасын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
- шаардык Кеңештин дептутаттарынын демилгеси боюнча шаардык Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатуу;
- мурда кабыл алынган жергиликтүү коомдоштуктун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
27.4. Депутаттардын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен жол-жобо маселелери боюнча чечимдер кабыл алынат.
28-глава. Добуш берүү жана анын түрлөрү
28.1. Ушул Регламентте добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо үчүн колдонулган төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
- шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы саны - 31;
-жыйынга катышкандардын саны – каттоодон өткөн шаардык Кеңештин депутаттарынын саны.
28.2. Шаардык Кеңеш сессияларда ачык жана жашыруун добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алат. Добуш берүү шаардык Кеңештин депутаттарынын кол көтөрүүсү аркылуу жана төрагалык кылуучунун добуштарды саноосу аркылуу (ачык добуш берүү) же депутаттар атайын кабинада бюллетендерди толтуруп, аларды чапталып бекитилген үкөккө салуу (жашыруун добуш берүү) аркылуу жүргүзүлөт.
28.3. Тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү кворум жок болгондо төрагалык кылуучу кворум камсыз кылынганга же кийинки сессияга чейин добуш берүүнү жылдырат.
28.4. Бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы шаардык Кеңештин сессиясынын протоколуна түшүрүлөт.
28.5. Шаардык Кеңештин депутаты добуш берүүгө өзүнүн укугун жеке өзү ишке ашырат. Депутаттын добуш берүү укугун башка депутатка ишеним кат же башка жол менен өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт.
28.6. Бир маселе боюнча добуш бергенде шаардык Кеңештин депутаты чечим кабыл алуу үчүн “макул” же “каршы”, болбосо чечим кабыл алууда “калыс” добуш берүү менен бир добушка ээ.
28.7. Добуш берүү учурунда жок болгон шаардык Кеңештин депутаты добуш берүү аяктагандан кийин өзүнүн добушун берүүгө укугу жок. Жыйындар залында катышып олтурган шартта депутаттын добуш берүүгө катышпай калышы добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра кароо үчүн негиз болуп саналбайт.
28.8. Добуш берүүнүн башталгандыгы жарыялангандан кийин эч кимдин аны үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.
29-глава. Ачык жана жашыруун добуш берүү
29.1. Ачык добуш берүү – ар бир депутаттын жооптун варианттарынын (“макул”, “каршы”, “калыс”) бирөөсү боюнча өзүнүн эркин билдирген добуш берүү ыкмасы.
29.2. Ачык добуш берген учурда добуштарды саноо төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.
29.3. Добуштар саналгандан кийин сессияга төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.
29.4. Добуш берүүдө жол-жоболук ката кетирилген учурда (же төрагалык кылуучунун катасы) шаардык Кеңештин депутаттары кайталап добуш берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
29.5. Жашыруун добуш берүү – добуш берүүгө катышкандардын жашыруун жүргүзгөн добуш берүү ыкмасы, бул учурда жооптордун варианттарынын (“макул”, “каршы”, “калыс”) бири боюнча добуш берүүчүнүн эрки контролдоого алынбайт.
29.6. Жашыруун добуш берүү милдеттүү болгон маселелер, ошондой эле шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими боюнча жашыруун добуш берүү жүргүзүлөт.
29.7. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү, бюллетендерди толтуруу аркылуу ар бир депутаттын жеке өзү тарабынан ишке ашырылат, бюллетендер депутаттардын тизмесине ылайык ар бир депутатка берилет жана депутаттын өз эркин жашыруун билдирүүнү камсыз кылган атайын кабинада толтурулуп, эсептөө комиссиясы мөөр басып бекиткен добуш берүүчү үкөккө салынат.
30-глава. Эсептөө комиссиясынын иши
30.1. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын натыйжаларын белгилөө үчүн шаардык Кеңештин депутаттары ачык (же жашыруун) добуш берүү менен эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүн шайлашат, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны так сандардан болбошу керек.
30.2. Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлайт, ошондой эле эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт.
Эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын шайлоо жөнүндө, ошондой эле мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү тууралуу эсептөө комиссиясынын чечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат, протокол шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
30.3. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер шаардык Кеңештин чечими менен сунуш кылынган жана бекитилген форма боюнча эсептөө комиссиясы тарабынан дайындалат, анын саны шаардык Кеңештин депутаттарынын санына барабар болот. Добуш берүү үчүн бюллетенде “макул”, “каршы”, “калыс” деген жооптордун варианттары турат. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендин ар биринин арткы бетине кол коюшат.
30.4. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүү үчүн кабинаны орнотуу менен депутаттар өз эркин жашыруун билдирүү үчүн шарттарды түзөт.
30.5. Добуш берээр алдында эсептөө комиссиясы шаардык Кеңештин бардык депутаттарынын катышуусунда добуш берүүчү үкөктү бекитет.
30.6. Депутат жашыруун добуш берүү үчүн бир бюллетень алып, жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендерди берүү тизмесинен өзүнүн фамилиясынын тушуна кол коёт жана жашыруун добуш берүү үчүн кабинага келет. Добуш бергенден кийин депутат добуш берүүчү үкөккө бюллетенин таштайт.
30.7. Добуш берүү бүткөндөн кийин эсептөө комиссиясында калып калган бюллетендер эсептелинет жана депутаттардын катышуусунда эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан бюллетендин оң бурчун кесүү аркылуу жок кылынат.
30.8. Депутаттардын добушун саноодо белгисиз формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эркин билдирүүнү аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетенге киргизилген толуктоолор добуштарды саноодо эске алынбайт.
30.9. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана сессияда эсептөө комиссиясынын төрагасы аны жарыя кылат.
30.10. Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде сессияга төрагалык кылуучу чечимдин кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы тууралуу жарыя кылат. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол шаардык Кеңештин токтому менен бекитилет.
31-глава. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби
31.1. Жооптуу катчы баяндамачы менен бирдикте шаардык Кеңеш чечим кабыл алган маселе боюнча кабыл алынган токтомду ал кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында жол-жоболоштурат.
31.2. Шаардык Кеңештин төрагасы шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында кол коёт.
31.3. Документти жол-жоболоштурган учурда грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ага оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Сессияда кабыл алынган шаардык Кеңештин токтомунун мазмуундук бөлүгүнө оңдоо киргизген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документти бурмалагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.
31.4. Шаардык Кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн расмий жарыяланууга тийиш:
- тиешелүү аймакта кеңири жайылтылган басылмалардын ичинен шаардык Кеңеш өзү аныктаган тийиштүү басма сөз басылмасында;
- шаардык Кеңештин расмий веб-сайтында;
31.5. Токтомду расмий жарыялоо мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырды камтыган токтомдорду кошпогондо, толук эмес баяндамадагы токтомдорду жарыялоого жол берилбейт.
31.6. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланышынын датасы ошол акт жарык көргөн басылма жарыкка чыккан күн эсептелинет.
31.7. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердик ишти жөнгө салган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн эрте эмес күчүнө кирет.
31.8. Шаардык Кеңештин токтомдорун каттоону төмөнкү реквизиттерди көрсөтүү менен шаардык Кеңештин токтомдорун каттоо жөнүндө журналга жазып түшүрүү аркылуу жооптуу катчы ишке ашырат:
-актынын түрүн көрсөтүү;
-ошол ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предметин билдирген аталыш;
-кабыл алынган жери жана датасы;
-каттоо номери.
31.9. Расмий жарыяланган күнү шаардык Кеңештин токтомунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түшүрмөлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
31.10. Шаардык Кеңештин токтомунун көчүрмөсү кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңири маалымдоону камсыз кылуу үчүн тиешелүү аймактын маалымат илинүүчү такталарына милдеттүү түрдө жайгаштырылат.
32-глава. Шаардык Кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу
32.1. Шаардык Кеңештин сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында протокол жүргүзүлөт.
32.2. Сессиялардын жана жыйындардын протоколдорун жүргүзүү жана жол-жоболоштуруу протоколдорду жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу болгон жооптуу катчы тарабынан жүргүзүлөт.
32.3. Протоколдун тексти киришүү жана негизги бөлүктөрдөн турат:
- шаардык Кеңештин сессияларынын жыйындарынын протоколунун киришүү бөлүгүндө номери, датасы, өткөрүлгөн убактысы жана орду; шаардык Кеңештин чакырылган жылы, шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы саны, катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде 10дон ашык адам чакырылса, чакырылгандардын тизмеси тиркелет), баяндамачынын фамилиясын көрсөтүү менен күн тартиби, эгер түзүлгөн болсо эсептөө комиссиясынын курамы чагылдырылат;
-негизги бөлүгүндө сессияны алып баруунун жүрүшү, каралган маселелер, баяндама менен чыгып сүйлөгөндөр жана жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр, добушка коюлган маселелер жана сунуштар, аларды кабыл алуунун жолдору; добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер, сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар чагылдырылат.
32.4. Депутаттардын фамилиялары алардын фамилияларын жана аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, башка адамдардын – фамилияларын, аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, кызмат ордун жана иштеген ордун, эгерде иштебеген болсо жашаган жерин көрсөтүү менен коштолот. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү катышкан учурда алардын фамилиялары жана жашаган жери көрсөтүлөт.
32.5. Сессиянын протоколу сессиянын иши аяктагандан кийин жол-жоболоштурулат, ага шаардык Кеңештин төрагасы жана жооптуу катчысы тарабынан кол коюлат. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынын протоколу алар аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат жана комиссиянын төрагасы жана жооптуу катчысы тарабынан кол коюлат.
32.6. Жабык сессиялардын материалдарын кошпогондо, жыйындардын протоколдорунун көчүрмөлөрү ачык кол жеткендей болууга тийиш. Жооптуу катчы шаардык Кеңештин депутаттарына жана башка кызыктар адамдарга протоколдордун жана токтомдордун көчүрмөлөрүн берет, алардан көчүрүп алууларды жүргүзөт.
32.7. Шаардык Кеңештин сессияларында жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында видео-аудио жазып алуулар жүргүзүлүшү мүмкүн, алар шаардык Кеңештин депутаттары үчүн жеткиликтүү болот.
32.8. Протоколдордун, видео жазып алуулардын түп нускалары жооптуу катчыда сакталат. Жыйындардын жана сессиялардын протоколдору, алардын тиркемелери тийиштүү шаардык Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн аралыгында сакталат. шаардык Кеңештин ыйгарым укуктары аяктаганда жыйындардын, сессиялардын протоколдору жана алардын тиркемелери туруктуу сактоого архивге тапшырылат.
32.9. Шаардык Кеңештин жабык сессиясынын материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат.
33-глава. Шаардык Кеңештин токтомдорунун аткарылышын контролдоо
33.1. Токтомдо аны жүзөгө ашыруунун тартиби белгиленилет, атап айтканда:
- жалпысынан токтомдун же анын пункттарын же колдонууга киргизилишинин конкреттүү мөөнөттөрү жана жолдору;
- токтомду жүзөгө ашыруу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына конкреттүү тапшырмалардын, аткаруу органынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (зарылчылыкка жараша) кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларынын кабыл алынышы, аткаруу органынын башчысынын актыларынын шаардык Кеңештин токтомуна ылайык келтирүү;
- аны аткаруу үчүн мөөнөттөр белгиленилет.
33.2. Шаардык Кеңештин ар бир токтомунда токтомдо көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу жүктөлгөн кызмат адамы же орган, ошондой эле токтомдун аткарылышын контролдоо жүктөлгөн кызмат адамы же орган көрсөтүлөт.
33.3. Токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат угулгандан кийин, шаардык Кеңеш төмөндөгүлөргө укуктуу:
-аткарылган катары токтомду контролдон алып коюу;
-аткарылган катары токтомдун айрым пункттарын контролдон алып коюу;
-ошол токтом боюнча аткаруу мөөнөтүн жылдыруу;
-башка кызмат адамына же органга контролдоо ыйгарым укуктарын жүктөө;
-токтомду жокко чыгаруу;
-токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
-кошумча токтомду кабыл алуу.
33.4. Контролдоо боюнча отчёттун мөөнөтү токтомдун өзүндө көрсөтүлөт. Шаардык Кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышы үчүн контроль жүктөлгөн кызмат адамына же органга шаардык Кеңештин сессиясында анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүнү тапшырууга укуктуу.
IV БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН НОРМА ЧЫГАРУУ ИШИ
34-глава. Норма чыгаруу ишинин негизги принциптери
34.1. Шаардык Кеңештин норма чыгаруу иштери төмөндөгү принциптерде жүргүзүлөт:
- жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун;
- мыйзамдуулуктун;
- негиздүүлүктүн;
- максатка ылайыктуулуктун;
- акыйкатчылыктын;
- ачыктыктын.
34.2. Шаардык Кеңеш өзүнүн компетенциясынын чектеринде токтом кабыл алат.
34.3. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган шаардык Кеңештин токтомдору аймагында жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
34.4. Шаардык Кеңештин токтому менен таанышуу ачык болууга тийиш. Көчүрмөсү маалымат тактайларында жайгаштыруу аркылуу жана «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка каражаттар аркылуу жалпыга маалымдалууга жатат.
35-глава. Шаардык Кеңештин токтомун жол-жоболоштуруунун тартиби
Шаардык Кеңештин токтомунун текстин жол-жоболоштуруунун тартиби жана түзүмдүк элементтери, шаардык Кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнүн тартиби, аны күчүн жоготту деп таануу «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12 жана 17-беренелеринде белгиленген талаптарга ылайык ишке ашырылат.
36-глава. Шаардык Кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби
36.1. Шаардык Кеңештин сессиясына киргизилүүчү документтердин пакетинде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
- тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары менен макулдашуу боюнча шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан жактырылган, жооптуу катчысы даярдаган токтомдун долбоору;
- токтомдун долбооруна маалымкат-негиздеме (маалымат);
- салыштырма таблица (колдонуудагы токтомго өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);
- тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундусу же чечими;
- токтомдун долбоорун мамлекеттик органдардын тийиштүү бөлүмдөрү, уюмдар, мекемелер, ишканалар, шаардык жамааттар (зарылчылыкка жараша) менен макулдашылганы жөнүндө маалымат камтылган документтер;
- экспертиза жүргүзүүнүн (зарылчылыкка жараша) натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар.
36.2. Шаардык Кеңештин токтому мамлекеттик тилде киргизилет жана кабыл алынат.
Аймагында жашаган мамлекеттик тилди билгендердин саны басымдуулук кылган шартта жана шаардык Кеңештин токтомун мамлекеттик тилде киргизүү жана кабыл алуу тууралуу шаардык Кеңештин чечими болсо, шаардык Кеңештин токтомун мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.
36.3. Регламенттин жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен даярдалып кароого киргизилген токтомдун долбоору белгиленген тартипте бузуулар четтетилгенге чейин кайтарылып берилүүгө жатат.
36.4. Шаардык Кеңештин кароосуна киргизилген токтомдун долбоорунун текстинде:
- беттин оң жактагы жогорку бурчуна «Долбоор» деп жазылат;
- «Долбоор» деген сөздүн алдына долбоорду киргизген демилгечи (же кимге тапшырылганы) жана долбоор киргизилген дата көрсөтүлөт;
- төмөнүрөөктө, беттин ортосунда документтин аталышы берилет «________________________ЖӨНҮНДӨ ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ»;
- андан ары «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12, 17 жана 30-беренелеринде белгиленген тараптарды сактоо менен токтомдун долбоорунун тексти баяндалат;
- андан ары токтомдун күчүнө киришинин мөөнөтү такталат;
- органдарга жана/же кызмат адамдарына конкреттүү тапшырма берилет жана төрагалык кылуучунун колу коюлат;
- токтомдун аткарылышы үчүн кызмат адамына жана /же органга контроль жүктөлөт;
- токтомдун текстинин алдында төрагалык кылуучунун фамилиясы жана колу көрсөтүлөт.
36.5.Токтомдун долбоорунун маалымкат-негиздемесинде (маалыматында) төмөндөгү маалыматтар камтылууга тийиш:
- ушул токтом кабыл алынгандан кийин жетишилүүчү же чечилүүчү максаттар жана милдеттер;
- кабыл алынган токтомдон кийинки болжолдонуучу социалдык, экономикалык, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттер;
- эгер ал өткөрүлсө, коомдук талкуулоонун натыйжалары тууралуу маалымат;
- мыйзам долбоорунун өлкөнүн мыйзамдарына ылайык келишин талдоо;
- эгерде токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл финансылык каражаттар керек болсо, аны каржылоонун булактары.
36.6. Тикеден-тике жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгын козгогон токтомдун долбоору, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган токтомдун долбоору аткаруу органынын, шаардык Кеңештин маалымат тактасында жайгаштырылуу же коомдук угууларды, чогулуштарды өткөрүү менен коомдук талкууланууга жатат.
36.7. Талкуулоонун жүрүшүндө коомдук талкуулоонун катышуучуларынан түшкөн сунуштар кабыл алынат, каралат жана жалпылаштырылат.
Коомдук талкуулоонун натыйжалары боюнча аларды токтомдун долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен келип түшкөн сунуштар тууралуу жыйынтыктоочу маалымат даярдалат. Жыйынтыктоочу маалымат токтомдун долбооруна тиркелген маалымкат-негиздемеде чагылдырылат.
36.8. Коомдук талкуулоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча финансылык чыгымдар шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка каражаттардан ишке ашырылат.
36.9. Токтомдун долбоору боюнча коомдук талкуулоонун мөөнөтү бир айдан кем эмес болот.
36.10.Ишке ашыруу үчүн шаардык бюджеттен каржылоону талап кылынган токтомдун долбоору, ал боюнча каржылоо булагы табылганга чейин каралууга жатпайт.
V БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ
37-глава. Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
37.1. Бюджеттик процесстин ачыктыгын жана айкындаган, жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын катышуусун жана жергиликтүү бюджетти аткаруунун натыйжалары тууралуу отчетту кароону камсыз кылуу максатында шаардык Кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы бюджеттин долбоорун ошондой эле шаардык бюджеттин аткарылышы боюнча очетту бюджет боюнча жергилктүү Кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизгенге чейин бюджет боюнча коомдук угууларды демилгелөөгө жана аны уюштурууну жана өткөрүүнү аткаруу органынын башчысына тапшырууга укуктуу.
37.2. Бюджет боюнча коомдук угуулардын натыйжалары шаардык бюджеттин долбоорун жана анын аткарылышынын отчетун караган жана бекиткен учурда бюджет боюнча туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнө, шаардык Кеңештин депутаттарына маалымат булагы катары кызмат кылат.
37.3. Шаардык Кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы аткаруу органынын, мамлекеттик салык кызматынан жана юридикалык жактардан шаардык бюджеттин долбоорун өз учурунда жана сапаттуу түзүү үчүн керектүү болгон бардык маалыматтарды суратып алууга жана өзүнүн жыйындарында ошол органдардын жетекчилерин, коомдук угуулардын активдүү катышуучуларын, демилгечи топторду, коомдук бирикмелерди жана башка кызыктар адамдарды чакырууга жана угууга укуктуу.
37.4. Жергилиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
37.5. Бюджет боюнча туруктуу комиссия бюджеттин долбоорун алдын ала кароону жүргүзөт жана аткаруу органынын отчетун угат, коомдук угуулардын катышуучуларынан жана башка кызыктар жактардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен шаардык Кеңештин
37.6. Шаардык Кеңештин сессиясында жергиликтүү коомдоштуктун жана башка кызыктар жактардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен шаардык бюджеттин такталган долбоору ачык-айкын каралат, ошондой эле коомдук угуулардын натыйжалары боюнча бюджеттин аткарылышы тууралуу аткаруу органынын отчету каралат.
37.7. Тийиштүү жылга шаардык бюджетти бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу шаардык Кеңештин токтому шаардык ЖМК гезити аркылуу жалпыга жайылтууга жатат жана документтердин көчүрмөсү маалымат такталарына жайгаштырылат.
38-глава. Шаардык Кеңештин жарандарынын мыйзам чыгаруу демилгесин кароо
38.1. Мыйзамдардын жана жергиликтүү коомдоштуктун уставына ылайык жарандар мыйзам чыгаруу демилгесине ээ.
38.2. Жергиликтүү коомдоштук тарабынан шаардык Кеңештин кароосуна киргизилген жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган ченемдик укуктук актынын долбоору (токтомдун долбоору) демилгечи топтун катышуусу менен тийиштүү туруктуу комиссия тарабынан каралат.
38.3. Шаардык Кеңештин кароосуна киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору туруктуу комиссиянын корутундусун эске алуу менен демилгечи топтун, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардык Кеңештин кезектеги же кезексиз сессиясында каралат.
38.4. Жергиликтүү коомдоштук тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актынын долбоорун кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган шаардык Кеңештин чечими аны киргизген демилгечи топко, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнө расмий жазуу түрүндө жеткирилүүгө тийиш.
39-глава. Регламентти сактоо үчүн контролду ишке ашыруунун тартиби
39.1. Шаардык Кеңештин Регламентинин жаңы редакциясы, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шаардык Кеңештин сессиясында кабыл алынат.
39.2. Депутаттар, депутаттардын тобу, туруктуу комиссиялар тарабынан демилгеленген шаардык Кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштар тийиштүү туруктуу комиссияларда каралгандан кийин шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана шаардык Кеңештин сессиясында биринчи кезектеги тартипте каралат.
39.3. Шаардык Кеңештин Регламентинин жоболорун чечмелеп түшүндүрүүнү шаардык Кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары ишке ашырат.
39.4. Шаардык Кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу шаардык Кеңештин төрагасына жана төраганын орун басарына жана тийиштүү туруктуу комиссияга жүктөлөт. Шаардык Кеңештин сессиясы учурунда шаардык Кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу сессияга төрагалык кылуучуга жүктөлөт.
Жооптуу катчы | А.Абдыкеримов |