Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин кезектеги V чакырылыштагы кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 27-январы № 2
"Нарын шаардык Кеңешинин 2022-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаардык Кеңешинин 2022-жылга карата иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.
Төрага | А.Молдосалиев |
Тиркеме
2022-жылга карата Нарын шаардык Кеңешинин иш планы
№ | Шаардык Кеңештин сессиясы, туруктуу комиссиялардын отурумдары |
Сессия, ТК отурумуөтүлүүчү күн | Каралуучу маселелер боюнча өткөрүлчү иш пландын мазмууну |
Шаардык мэрия тарабынан аткарууга шаардык Кеңештин жооптуу кызматкерлери,Кеңештин төрагасы | Көрсөтүлгөн маселе боюнча жооптуу шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясы | Жыйынтык
| Жарандардын ЖӨБга катышуусунун формалары (“ЖӨБ жөнүндө” КР Мыйзамынын 7-беренеси
| ||||
1. | Нарын шаардык Кеңешинин жаңы Регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү |
| |||||||||
1.1 | Нарын шаардык Кеңешинин 19.11.2021 №7б буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун иш алып баруусу |
январь | КРнын Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө КРнын Мыйзамына ылайык НШКнын жаңы Регламентин жумушчу топтун иштеп чыгуусу; | Жумушчу топ,аппарат | Иштеп чыккан Регламентти сессияга алып чыгууга даярдайт. | Кеңештин сессиясын күн тартибине сунуштайт. Шаардык Кеңештин жооптуу катчысы токтомдун долбоорун даярдап, сессияга сунуштайт. | Жумушчу топ билдирүүсүн даярдайт
|
| |||
1.2
| Шаардык Кеңештин сессиясы | январь | Жумушчу топтун билдирүүсү угулуп, талкууга коюлат. | Жумушчу топ | Регламенттин долбоорун талкуулоо, токтом долбоорун алымча-кошумчасы менен кабыл алынат, Регламент боюнча иш алып барууну көзөмөлдөө | Кеңештин расмий сайтына жарыялоо,ченемдик-укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүү
| Ачык сессия
|
| |||
2 |
Нарын шаарынын мэринин өткөн 2021-жыл ичиндеги жүргүзгөн иштери жөнүндө отчетун угуу, 2022-2025-жылдарга Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын кабыл алуу, Нарын шаарынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жана 2022-жылга жергиликтүү бюджети, 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө. КРнын финансы министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгынын башчысынын отчету, (Башкармалыктын башчысы Ж.Урустемов-жооптуу)
|
| |||||||||
2.1 | Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын отуруму | Январь -февраль
| - Бюджет, финансы, экономика, инвестиция, ишкердүүлүк боюнча Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиянын отурумунда ФЭБнын жетекчиси Ж.Урустемовдун жергиликтүү бюжеттин аткарылышы боюнча жыл жыйынтыгы менен берген отчету угулат, Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган мекеме-ишканалардын жетекчи, башкы эсепчилеринин отчетторун угуп,Кеңешке келген суроо-талаптарын кароо, акча каражаттарын бөлүп берүү боюнча , келип түшкөн кайрылуулар боюнча комиссия мүчөлөрүнүн бирдиктүү иш алып баруусу;
| Нарын шаарынын мэриясы ФЭБдин жетекчиси | Тиешелүү туруктуу комиссиясы өткөрүлгөн отурумдун негизинде жыйынтык чыгарат жана өз корутундусун даярдайт. | Жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитүү тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алуу, шаардык Кеңештин токтом долбоорун даярдоо үчүн Кеңештин жооптуу катчысы иш алып барууга милдеттенет.
| Муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен эсепчилеринин отурумдрга катышуусу |
| |||
2.2 | Шаардык кеңештин сессиясы | февраль | КРнын финансы министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгынын жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын билдирүүлөрү угулат, депутаттардын талкуусуна коюлат.
| Туруктуу комисиянын төрагасы, шаар мэри ФЭБдин жетекчиси | Туруктуу комиссиясынын отурумунун жыйынтыгы менен билдирүү берет, Шаардык Кеңештин токтому кошумча-алымчасы менен кабыл алынгандан кийин анын аткарылышына жана максаттуу пайдаланышына көзөмөл жүргүзөт.
| Шаардын жергиликтүү бюджетин бекитүү боюнча шаардык Кеңештин токтомун кабыл алуу. Нарын шаардык Кеңешинин расмий сайтына жарыялоо
| Сессия өткөрүү |
| |||
3 | Нарын шаарындагы китепканалардын жалпы абалы, жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө |
| |||||||||
3.1 | Шаардык Кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясы жер-жеринде барып таанышат, маалымат алат. | апрель | Шаардык китепкананын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө таанышуу, маалымат алуу, жеринде кароо; - Китепканын китептер менен камсыз болуусу, - Элди тартуусу, - Тейлөө - Шарты, -
| вице мэр, шаардык китепкананын жетекчиси
| Тиешелүү туруктуу комисиянын корутундусу, (справка) жазылат.
| Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алуу жана шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизүү, токтом долбоорун даярдоо боюнча жооптуу катчыга милдеттендирилет | Китепканалардын жетекчилери, шаардык мэриянын социалдык бөлүмү, ММК кызматкерлери, коомчулуктун катышуусу |
| |||
3.2 | Шаардык Кеңештин сессиясы | апрель | Шаардык китепкананын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө таанышуу, маалымат алуу, жеринде кароо; - Китепканын китептер менен камсыз болуусу, - Элди тартуусу, - Тейлөө - Шарты, Мониторингдин жыйынтыгы боюнча корутунду жасоо
| вице мэр, китепканалардын жетекчилери
| Вице мэр ,шаардык китепкананын жетекчисинин маалыматы, туруктуу комиссиянын төрагасы справка менен тааныштырат.Токтомдун долбоору сессияга сунушталат | Шаардык Кеңештин токтомун кабыл алуу. аны Ченемдик-укуктук актылтардын Мамлекеттик Реестрине кошуу үчүн | Шаардык кеңештин сессияларына жарандардын, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка кызыкдар адамдардын катышуусу |
| |||
4. | Нарын шаардык муниципалдык жашылдандыруу ишканасынын ишмердүүлүгү,алып барып жаткан иштери жөнүндө |
| |||||||||
4.1. | Шаардык Кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясынын отуруму | май | Нарын шаардык муниципалдык жашылдандыруу шканасынын жетекчисин отчетун угуу | Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри, мекеме жетекчиси | Архитектура,курулуш куруу, жер, муниципалдык менчик, турак жай, коммуналдык тейлөө.отун энергетика, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясы м екеменин аалып барып жаткан иштери, ишмердүүлүгү, жетекчинин билдирүүсү менен таанышып,жыйынтык чыгарат. | Мекеменин жетекчисинин отчетун кабыл алуу менен, шаардык Кеңештин сессиясын күн тартибине сунуштайт. Шаардык Кеңештин жооптуу катчысы токтомдун долбоорун даярдап, сессияга сунуштайт. | Туруктуу комиссиянын отурумуна тиешелүү мекеменин жетекчисин, шаардык мэриянын жооптуу кызматкерлеринин катышуусун камсыздоо. |
| |||
4.2. | Шаардык Кеңештин сессиясы | июнь | Тиешелүү туруктуу комиссиясынын корутундусу менен комиссиянын төрагасыынын билдирүүсүн угуу | Шаар мэринин 1-вице мэри, долбоор жетекчиси, мекеменин жетекчиси | Нарын шаардык Кеңешинин токтому кошумча-алымчасы менен кабыл алынгандан кийин анын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Кеңештин расмий сайтына жарыялоо,ченемдик-укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүү
| Нарын шаардык Кеңешинин сессиясына жарандардын, бейөкмөт уюмдардын, коомчулуктун, донорлордун өкүлдөрүнүн жана башка адамдардын катышуусу. |
| |||
5. | Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын ишмердүүлүгү жөнүндө |
| |||||||||
5.1. | Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын отуруму | июль | Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчисин отчетун угуу. Нарын шаарындагы аз камсыз үй бүлөлөргө жериликтүү бюджеттин эсебинен социалдык жеңилдиктер статьясынан бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө; Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын кароо;
| Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси (Ж.Мамбетказиев) | Мекеме жетекчисинин отчетун угат, тиешелүү туруктуу комиссия өз жыйынтыгын чыгарып, түзүлгөн протоколдун негизинде өз корутундусун даярдайт. | Туруктуу комиссиянын корутундусун, жыйынтыгын кабыл алуу, токтомдун долбоорун даярдап, Кеңештин кезектеги сессиясына сунуштайт.Жооптуу катчыга милдеттендирилет. | Туруктуу комиссиянын отурумуна тиешелүү мекеменин жетекчисин, шаардык мэриянын жооптуу кызматкерлеринин катышуусун камсыздоо |
| |||
5.2. | Шаардык Кеңештин сессиясы | июль
| Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчисинин отчету боюнча тиешелүү туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде талкуулоо.
| Шаардык мэрия, Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси | Тиешелүү туруктуу комиссиясынын төрагасы сессияда туруктуу комиссиясынын корутундусун билдирүү жасайт. Шаардык Кеңештин токтому алымча-кошумчасы менен кабыл алынгандан кийин анын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Токтом кабыл алуу. Ченемдик-укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине кошуу.
| Ачык сессия |
| |||
6. | Нарын шаарындагы ҮДТ (ГСВ) алып барып жаткан иштери, дарыканалардагы дарылардын бааларына байкоо жүргүзүү боюнча |
| |||||||||
6.1
| Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын отуруму | август | Нарын облустук үй бүлөлүк медициналык борборунун директору М.Алиаскаровдун отчетун угуу . Нарын шаарындагы ҮДТ (ГСВ) алып барып жаткан иштери; Дарыканалардагы дарылардын бааларына байкоо жүргүзүү боюнча .
| Нарын облустук үй бүлөлүк медициналык борборунун директору М. Алиаскаров ҮДТлардын дарыгерлери | Борбордун директорунун отчетун угат, тиешелүү туруктуу комиссия өз жыйынтыгын чыгарып, түзүлгөн протоколдун негизинде өз корутундусун даярдайт. | Туруктуу комиссиянын корутундусун, жыйынтыгын кабыл алуу, токтомдун долбоорун даярдап, кезектеги сессиясына сунуштайт.Жооптуу катчыга милдеттендирилет | Туруктуу комиссиянын отурумуна тиешелүү мекеменин жетекчисин, шаардык мэриянын жооптуу кызматкерлеринин катышуусун камсыздоо |
| |||
6.2
| Шаардык Кеңештин сессиясы | август | Нарын облустук үй бүлөлүк медициналык борборунун директору М.Алиаскаровдун отчету боюнча тиешелүү туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде талкуулоо.
| Шаардык мэрия, Нарын облустук үй бүлөлүк медициналык борборунун директору | Тиешелүү туруктуу комиссиясынын төрагасы сессияда туруктуу комиссиясынын корутундусун билдирүү жасайт. Шаардык Кеңештин токтому алымча-кошумчасы менен кабыл алынгандан кийин анын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт | Токтом кабыл алуу. Ченемдик-укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине кошуу.
| Шаардык Кеңештин сессиясы |
| |||
7 | Нарын шаардык муниципалдык транспорт ишканасынын алып барып аткан иштери,троллейбустардын учурдагы акыбалы, оңдоп түздөө иштеринин жүргүзүлүшү, киреше булактарынын түзүлүшү жөнүндө |
| |||||||||
7.1 | Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын отуруму, комиссия курамы жеринде барып таанышуу |
сентябрь | Нарын шаардык муни ципалдык транспорт ишканасынын жетекчиси Р.Насирдиновдун маалыматы менен таанышуу.Троллейбустардын абалы шарттары,тазалыгы, айдоочуларынын эмгек акысы.Жүргүзүлгөн ремонт иштери боюнча 4-класска чейинки мектеп окуучуларынын бекер жүрүүсүн көзөмөлдөө
| Шаардык мэрия , Нарын шаардык муни ципалдык транспорт ишканасынын жетекчиси | Сессиянын күн тартибине киргизүү үчүн сунуштоо.
| Токтом долбоорун дардоого жооптуу катчыны милдеттендирүү
| Тиешелүү мекеме, коомчулук, бейөкмөт уюмдардын катышуусу
|
| |||
7.2 | Шаардык Кеңештин сессиясы
| сентябрь
| Нарын шаардык муниципалдык транспорт ишканасынын жетекчисинин маалыматын эске алуу
| Шаардык мэрия муниципалдык транспорт ишканасынын жетекчиси | Токтомдун долбоорун кабыл алуу, аткарылышын көзөмөлдүккө алуу
| Шаардык Кеңештин токтомун кабыл алуу. Ченемдик-укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн сайтка жарыялоо жана юстицияга жиберүү | Шаардык Кеңештин сессияларына жарандардын, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка кызыктар адамдардын катышуусу |
| |||
8. | Нарын шаарында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн алып барып жаткан иштери жөнүндө |
| |||||||||
8.1 | Шаардык Кеңештин сессиясы | октябрь
| Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн алып барып жаткан иштери боюнча бөлүмдүн начальниги Т.Кадыровдун маалыматын угуу. Нарын шаардык мэриясы менен бирдикте кылмышты болтурбоо, коррупцияга каршы күрөшүү иштерди алып баруу, кылмыштын алдын алууга карата өткөрүлгөн иш чаралардын уюштурулушун жана өткөрүлүшүн кароо. Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жоюу, болтурбоо боюнча иш чараларды уюштуруунун натыйжалуулугу; | Нарын шаардык мэриясы НШИИБ | Билдирүү жана маалыматтын негизинде шаардык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибине маселе катары киргизүү үчүн сунуштоо | Токтомдун долбоорун даярдоо,сессияга сунуштоо(жооптуу катчы) | Билим берүү тармагын, жаштар уюмдарын, коомчулукту , катышууга камсыз кылуу, уюштуруу |
| |||
8.2
| Шаардык Кеңештин сессиясы | октябрь | Мыйзамдуулук,укук тартиби,коргоо, Регламент, коррупцияга каршы күрөшүү”боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын жана Нарын шаардык мэриясынын юристинин кошумча билдирүүсү, НШИИБнин начальнигинин маалыматы, Кылмыштуулуктун алдын алуу, мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Шаар ичинде тартипти чыңдоо, өспүрүмдөр арасында кылмышты болтурбоо үчүн иш чараларды уюштуруу; | НШИИБнин начальнигинин маалыматы,
| Токтом долбоорун алымча-кошумчасы менен бекитүү, токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу | Шаардык Кеңештин токтомун кабыл алуу. Ченемдик-укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине кошуу | Маселеге тиешелүү тараптардын сессияга катышуусу, тартылуусу |
| |||
9. | Нарын шаарынын 2022-2023-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө шаардык мэриянын жана анын тармактык бөлүмдөрүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө |
| |||||||||
9.1. | Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын отуруму | октябрь
| Нарын жылуулук берүү ишканасынын, суу канал ишканасынын , шаардык электр тармактар ишканасынын кыш мезгилдерине болгон даярдыгы, элди жылуулук, таза суу , электр энергиясы менен камсыз кылуу, үзгүлтүккө учуратпоо боюнча көрүлгөн даярдыктар боюнча жеринде барып таанышуу | Шаардык мэрия, өндүрүш бөлүмү, Жылуулук берүү бирикмеси, ЭТР
| Шаардык мэриянын отчету
| Кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизүү, токтом долбоорун даярдоо боюнча жооптуу катчыга милдеттендирилет | Жарандардын, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн аталган маселелер боюнча коомдук угууларга, чогулуштарга, жыйындарга, ТКнын отурумдарына катышуусу |
| |||
9.2. | Шаардык Кеңештин сессиясы | октябрь
| -жылуулук менен камсыздоо, - электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо, - таза суу менен камсыздоо,
| Шаардык мэрия, тиешелүү мекеме жетекчилери
| Сессиянын токтомун алымча-кошумчасы менен кабыл алуу, аткарылышын көзөмөлдүккө алуу | Юстициядан каттоддон өткөрүү үчүн жиберүү | Шаардык Кеңештин сессияларына жарандардын, коомчулуктун жана башка кызыкдар адамдардын катышуусу. |
| |||
10.
| Коомдук угууларды уюштуруу жана Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуусу |
| |||||||||
10.1 | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы фракциялардын чогулушу | декабрь | Коомдук угуулар жана жолугушуу өтүүчү жайларды даярдоо, техникалык каражаттар менен камсыз кылуу үчүн аткаруу органдарына тапшырмаларды берүү | Шаардык мэрия, мекеме,окуу жайлар | Фракциялардын, жеке депутаттардын жыл ичинде аткарган иштери | Жолугушууларды,коомдук угууларды уюштурууга кам көрүү | Жарандардын, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, жарандарды,активистерди, чөлкөмгө жараша бөлүп, чакырууну уюштуруу |
| |||
10.2
| Жолугушууну жыйынтыктоо, корутунду чыгаруу | декабрь | Коомдук угуулар аркылуу элге маалымат менен камсыз кылуу, элдин үнүн угуу, коомдук угуунун, жолугушуунун жүрүшүн кагазга түшүрүү, протокол түзүп, корутундусун чыгаруу. | Жооптуу катчы | Жолугушуу,коомдук угууга баа берүү | Түзүлгөн протокол боюнча элден түшкөн сунуш, пикир, өтүнүчтөр боюнча иш алып баруу үчүн аткаруу органына протоколду жөнөтүү | Аткаруу органына тапшырмаларды берүү.аткарылышын көзөмөлдүккө алуу. |
| |||
11. | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын жыл ичинде аткарган иштеринин отчету |
| |||||||||
11.1 | Туруктуу комиссиялардын отурмдары | декабрь | Жыл ичинде туруктуу комиссияларга жана тармакар боюнча келип түшкөн арыз даттануулар, иш план боюнча пландалган маселелер боюнча жүргүзүлгөн мониторингдер боюнча туруктуу комиссиялардын алып барган иштеринин жыйынтыгы менен отчетторду дярдоо | Туруктуу комиссиялар жана туруктуу комиссияларга бөлүнгөн аппараттын адистери менен бирдикте | Отчетторун сессияга алып чыгууга даярдайт. | Кеңештин сессиясын күн тартибине сунуштайт. Шаардык Кеңештин жооптуу катчысы токтомдун долбоорун даярдап, сессияга сунуштайт. | Токтом долбоору даярдалат
|
| |||
11.2 | Шаардык Кеңештин сессиясы | декабрь | Тиешелүү туруктуу комиссиясынын корутундусу менен комиссиянын төрагасыынын билдирүүсүн,отчетун угуу | Комиссиянын төрагасы, катчысы | Туруктуу комиссиялардын ишине баа берилет | Кеңештин расмий сайтына жарыялоо,ченемдик-укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүү | Нарын шаардык Кеңешинин сессиясына жарандардын, бейөкмөт уюмдардын, коомчулуктун, донорлордун өкүлдөрүнүн жана башка адамдардын катышуусу |
| |||
Жооптуу катчы | А.Абдыкеримов |