Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-сентябры № 27-28
Шайлоочулардын чогулуштарынын протоколдорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Аламүдүн айыл аймагынын № 7178 участкалык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө Аламүдүн айыл аймагынын шайлоочуларынын чогулуштарынын протоколдорун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Аламүдүн айыл аймагынын № 7178 участкалык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө Аламүдүн айыл аймагынын шайлоочуларынын чогулуштарынын протоколдору бекитилсин жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |