Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-сентябры № 28-28
Айыл чарба багытында болбогон жерлердин зоналык салыгын эсептеп чыгаруу үчүн зоналык коэффициентти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык, КР салык мыйзамынын жогоруда аталган ченемдерине мониторинг жүргүзүү жана аткаруу максатында Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Алмүдүн айыл аймагында айыл чарба багытында болбогон жерлерге К3=1,2 өлчөмүндө зоналык коэффициент бекитилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |