Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-ноябры № 30-28
Мүчөлүк төгүмдү бекитүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылдын 26-октябрындагы № 555 катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрынлагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигине Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен жыл сайын 100 (жүз) миң сом өлчөмүндөгү мүчөлүк төгүм бекитилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |