Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-ноябры № 31-28
Жерди өткөрүп берүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 567 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигине жер участогун өткөрүп берүү жөнүндө катын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин менчигине Аламүдүн айылы Алма-Ата көчөсү ДЭП-958 батыш тарабы дареги боюнча жайгашкан өлчөмү 0,035 га жер участогу бекер негизде өткөрүлүп берилсин.
2. Жеке курулуш планы бекитилсин.
3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |